Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:07

13:00 Ч.Айтматовдун декадасына карата бир катар иш-чаралар уюштурулууда


Атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун декадасына карата 19-октябрдан 26-октябрга чейин Кыргызстанда бир катар иш-чаралардын өткөрүлүшү пландалган. Маданият жана маалымат министрлигинин берген маалыматтарына ылайык, жазуучунун декадасы бүгүн Бишкек шаарында экинчи Ысык-көл эл аралык кинофестивалынын ачылышы менен башталмакчы. 20-октябрда кинофестиваль Ысык-Көлдө уланат. 21-октябрда Бишкектеги “Октябрь” жана “Ала-Тоо” кинотеатрларында конкурстук фильмдер көрсөтүлмөкчү. 22-октябрда “Ала-Тоо” кинотеатрында “Айтматов жана доор” аттуу документалдык фильм көрсөтүлмөкчү. Ал эми 23-октябрда Бишкектеги Кыргыз улуттук драма театрында “Арт ордо” деген аталыштагы үчүнчү эл аралык театр фестивалынын ачылышы болмокчу. 24-октябрда болсо түрк тилдүү мамлекеттердин Маданият министрлеринин отуруму пландалган. 25-октябрь, жума күнү Чолпон-Ата шаарындагы “Рух ордо” комплексинде Чыңгыз Айтматовдун эстелиги салтанаттуу түрдө ачылмакчы. Декада 25-26-октябрь күндөрү “Айтматов жана доор” аттуу эл аралык форумдун өтүшү менен жыйынтыкталмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG