Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:43

НУРАГА СУУК ТҮШТҮ


5-октябрдагы катуу зилзаладан өзгөчө оор жабыркаган Нура айылына суук түшүп, суу тоңуп, мурдагысына табияттын дагы бир оор түйшүгү кошулду. Зилзаладан жабыркагандарга деп жасалган кышкы утурумдук үйдүн азырынча отуздайы гана жөнөтүлдү. Абалдын оорлошуп баратканын көргөн өкмөт дагы 50 чатыр, ага кошуп 100 электр жылыткычтарын жеткиртип берүү чечимин кабыл алды.

Ошол апаат болгон түнү айыл тургуну Сагын үйүндө болчу. Анын үй-бүлөсүн кантип басылган үйдүн арасынан сууруп чыкканын өз оозунан эле уксак.

- Үйдүн ичинде телевизор көрүп жаткан элем. Анан катуу булкуп чайпалганда эле токтоп калабы десем кайра секунддан кийин эле мындай бир таштады. Ушуну менен бүттү. Кандай кылып чыгар экем?! Неберелерим бар эле. Алар ички үйдө отурyшкан болчу. Мен тышкы үйдө элем. Эптеп дубалдын түбү менен багыт алып, кайсы бир тешик болсо эле чыгып кетем деп чыгып алдым. Анан кыйкырсам алар “тирүүбүз, жакшы элебиз” дешти. Кыштарды оодарып аларды табышка аракет кылып, бала-чакамы оңой эле таап чыгып алдым. Ва-ай, эч балээ көрүнбөйт.

7-октябрда Нура айылына барган президент Курманбек Бакиев элеттиктерге жер титирөөгө турyштук берчү бышык үйлөрдү салуу кеңешин берген.

- Эми мындан кийинки сала турган үйлөрдү, урматтуу агайын-туугандар, бүт эрежеси менен, бардык эрежеси менен, фундаменти менен, бышык кыш менен жакшынакай кылып салалы. Бул жерде коркпой-үркпөй жашагыдай бололу.

Айыл тургуну: - Бышкан кыш менен салган үйлөрүбүз деле кыйрап калды. Бышкан кыштарыбыз менен салган үйлөр деле кыйрап калды.

- Эми катуу болду да. 8 баллдан ашып турса кетет да.


Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевдин айтуусунда, ушу тапта Нура айылындагы эң чоң оорчулук сууктун түшүп калуусу болууда. Министрликтин аракети менен жасалып жаткан 140 утурумдук жылуу үйлөрдүн бүтүшү, жеткирилип беришине убакыттын тардыгы салакасын тийгизүүдө. Камчыбек Ташиев даяр болгон үйлөр буйдалбай жөнөтүлүүдө дейт.

- Кечээ ал жакка 21 үй кетти. Бүгүн дагы кетип жатат. Эртең-бүрсүгүнкүгө - 20-октябрга отузга жакын үй Куда кааласа барып калат. Мына мен азыр да ошол базада жүрөм. Күнүнө төрттөн-бештен үйдү чыгарып жатабыз.

Ушу кезге чейин Нура айылына колдоо, көмөк көрсөтүү үчүн 23 миллион ашуун сом акча түшкөнү кабарланууда. Ал каражаттын 12 миллиону кыштан чыгыш үчүн жасалып жаткан утурумдук үйлөрдү даярдоого жумшалмакчы. Утурумдук үйлөргө керектелчү темир контейнерлердин көпчүлүгү жеке адамдардан, менчик компаниялардан жардамга берилген. Камчыбек Ташиев кысталыш кырдаалда жардамга колун сунгандардын баки-жогунун тизмесин маалымдоо каражаттары аркылуу жарыя кылыша тургандыгын маалымдады. Ушу тапта жер титирөөдөн жапа чеккендерге керектүү буюмдар жеткирилүүдө.

- Эмне керек, эмне жетпей жатат? Эң керек, эң жетпей жатканы бут кийим болчу. Бир аптадан бери аны айтып жатышты эле. Биз бут кийимди кечээ жөнөттүк. Куда кааласа бүгүн болбосо да эртең барып калат го, деген ойдомун,- дейт К.Ташиев.

Ай-буй дегиче 75 адамынан ажырап калган Алай районундагы Нура айылы ушу тапта оор күндөрдү башынан кечирүүдө.

XS
SM
MD
LG