Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:56

Медиа адистердин баамында, Кыргызстанда жыштыктарды бөлүштүрүүнүн жабыктыгы жалпы маалымат айдыңында кыйынчылыктарды жаратып, өлкөнүн маалымат коопсуздугуна шек келтирүүдө. Муну алар жыштык бөлүп берүү боюнча мыйзамдын жоктугу менен байланыштырышууда. Жыштыктардын ачык-айкын бөлүштүрүлбөй жатышы бүгүн Бишкекте өтө турган эл аралык конференцияда талкууланат. Анда медиа адистер, Жогорку Кеңештин депутаттары, тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер Кыргызстанда жыштыктарды бөлүштүрүү ыкмалары, анын мыйзамдык негиздерин талкуулашмакчы.

Маалымат айдыңында иш алып барган адистердин белгилешинче, бүгүнкү күндө радио жыштыкты же радио каналды бөлүп берүү маселеси Кыргызстанда телекоммуникциянын өнүгүүсүн басаңдаткан факторлордун бири болуууда. Жыштыктарды бөлүштүрүүнүн механизмдеринин ачык болбой жатышы, жаңы лицензияларды алуунун мүмкүн эместиги, жыштыктарды бөлүштүрүүдө юридикалык базанын туруксуздугу маалымат рыногунда бир катар кыйынчылыктарга алып келүүдө. Учурда 50дөн ашуун электрондук жалпыга маалымдоо каражаттары жыштык ала албай, кезекте турат.

Медиа өкүл Илим Карыпбековдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, мындай жагдай жыштыктарды бөлүп берүүдө атайын мыйзамдын жоктугунан болуп жатат:

- Жыштыктарды берүүдө Улуттук байланыш агенттиги арыздын негизинде өзү гана чечет деп көрсөтүлүп калган мыйзамда. Бул жерде эч кандай сыноо жок, же болбосо тендер өткөрмөй жок, ачыктык эрежелери такыр жок. Муну менен аткаминерлер, профилдүү мекемелердин өкүлдөрү пайдаланып жатышат. Маселен, 3-4 жылдан бери кезекте тургандар жыштык ала албай жүрүшөт, ал эми эзели кезекке турбагандар жыштык алып жатышат.

Мыйзам боюнча жыштык же лицензия ала албаган телерадиокомпаниялар тиешелүү мекемелер эмненин негизинде алардын арызын канаттандыруудан баш тарткандыгын сот аркылуу териштирүүгө укугу бар.

Бирок, дейт И.Карыпбеков, телерадиокомпаниялар Улуттук байланыш агенттиги менен мамилесин бузуп алуу коркунучунан улам мындай кадамдарга барышпайт. Медиа өкүлдүн белгилешинче, жыштык бөлүп берүү жагынан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан эң арткы орунда турат:

- Жыштык жагынан демократиялык негиздердин эч кандай белгилери, коомдун принциптерине жооп берген эрежелер жок.

Адистер республикада жаңы радиокомпаниялардын, атаандаштыктын жок болуп жатышын дал ушул жыштыктарды бөлүштүрүүнүн механизмдеринин жабык болгондугу менен байланыштырып келишет.

Учурда Кыргызстанда жыштыктарды бөлүп берүү маселесин Улуттук байланыш агенттиги чечет. Медиа адистердин жыштык берүү боюнча мына ушундай сын-көз караштарына байланыштуу Улуттук байланыш агенттигинин жетекчилиги “Азаттыкка” түшүндүрмө берүүнү туура көргөн жок.

Ал эми Таластагы эң алгачкы көз карандысыз “Некст ФМ” радиосунун негиздөөчүсү Айбек Турдалиев жыштык алууда өзгөчө кыйынчылыткарга дуушар болбогонун айтат. Эгерде жыштык же лицензия алууну каалагандар Улуттук байланыш агенттигинин талаптарына жооп берсе, эч кандай тоскоолдуктар деле болбойт, дейт А.Турдалиев:

- 88ден 108ге чейин МГц бар, мына ошонун ичинде эле жыштык бөлүнүп берилет. Андан башка орун жок болсо, Улуттук байланыш агенттиги кайсы жерден жыштык таап бере алат билбейм. Мен өзүм жыштык алып жатканда эч кимди ортого салбай эле, эреженин негизинде алдым. Мен бул боюнча жагдай Бишкекте кандай турганын так билбейм, бирок региондо эч кандай тоскоолдуктар деле жок.

Анткен менен Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты боюнча комитеттин төрагасы Иса Өмүркулов жыштык бөлүп берүүнүн механизмдерин ачык кылууга мамлекет өзү кызыкдар эмес деген көз карашта. Ал мунун себебин төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- ММКлардын негизги бөлүгү бир колго өтүп калды. Эгерде радио жыштыткарды демократиялык көз карашты көздөгон компаниялар ала турган болсо, бийлик буга жол бербейт.

Депутаттын пикиринде, жыштыктарды бөлүштүрүү боюнча мыйзам керектигин турмуш өзү көрсөтүп турат. Бирок мындай мыйзам иштелип чыкканы менен ал парламентте көпчүлүктү түзгөн бийликчил “Ак Жол” фракциясынын депутаттарынын колдоосуна алынаары күмөн, дейт И. Өмүркулов:

- Мындай мыйзамды кабыл алуу да мүмкүн эмес. Себеби “Теле жана радио берүү жөнүндө” мыйзам кандай кабыл алынды. Аз да болсо демократиялык принциптер бар мыйзамды жокко чыгарып салышты. Толугу менен бийликтен көз каранды болгон ММКлар болду. Эми алар калыс чагылдырат деп ойлоп да коюу болбойт.
XS
SM
MD
LG