Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:26

8:12 Нура айылына көчмө үйлөрдү орнотуу иштери уланууда


Бул тууралуу Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев “Азаттыкка” билдирди. Министрдин айтымында, кечээ Нурага 6 үй жөнөтүлдү. Суук түшкүчө 1, 2, 3 бөлмөлүү отуз көчмө үй орнотууну министрлик убада кылууда. Бул үйлөрдү куруп орнотууга гуманитардык жардамга келген каражат чыгымдалууда. Акчалай жардамдын өлчөмү 23 миллион сомду түзөт. Нуралыктардын акыбалын билүү үчүн Алайга бараткан министрдин айтымында учурда жер титиреген чегара аймагында суук 4 градуска жетип калды. 5-октябрдын түнүндөгү жер титирөөдө бир айылдын турак жайлары толугу менен кыйрап калган. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG