Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:42

10:40 Кыргызстанда жакырчылыкка каршы күрөшүүгө арналган жумалык өтүп жатат


Ага ылайык 17нен 24-октябрга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун көмөгү менен жер-жерлерде бир катар иш-чаралар өткөрүлүп, жакырчылыктан арылтууга жардам берген маалыматтар таратылууда. Жумалык салтка айланган жарманке менен аяктайт. Жарманке Бишкектеги Тарых музейинде өткөрүлөт жана ага БУУнун кедейчиликти кыскартуу боюнча долбоорлоруна тартылгандардын жасаган буюм-тайымы, өндүргөн азык-түлүктөрү сунушталмакчы. Маалыматтарга ылайык Кыргызстанда былтыр жакыр турмушта жашагандар калктын отуз беш пайызын түзгөн. Элдин алты пайыздан ашыгыраагы өтө эле кедей болгон. 2000-жылы жакыр адамдар элдин алтымыштан ашык пайызын ээлеген. 17-октябрь жакырчылык менен күрөшүүнүн эл аралык күнү катары 1992-жылдан тарта БУУнун демилгеси менен белгиленип келет. (EBM)

XS
SM
MD
LG