Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:09

11:30 Суук түшөрү менен электр энергиясын колдонуу көбөйө баштады


КР өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары Айбек Түмөнбаевдин парламентте билдиргени боюнча акыркы жумада Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли дээрлик 1 млн метр кубга азайды. Анын айтуусунда сууктун түшүшү менен элдин электр энергиясын көбүрөөк колдонуп, жылыткычтарды пайдалана баштагандыгы буга таасирин тийгизүүдө, дейт Айбек Түмөнбаев. Ушул тапта электр энергиясынын суткалык сарпталышы 68 млн кВт саатты түзүүдө. Ири электр станцияларындагы авариялардын алдын алуу үчүн электр энергиясын колдонууну 45 млн кВт саатка чейин түшүрүү зарылдыгын белгилеген министрдин орун басары кышкы жылуулук мезгилинде Бишкек ТЭЦ ишке киргенден кийин электр энергиясынын сарпталуусу азаят, деген үмүт бардыгын маалымдады.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG