Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

ЖАҢЫРГАН АПТАНЫН АФИШАСЫ


21-октябрда “Учур” телетеатры кезектеги театралдык сезонун ачат.Тетардын жетекчиси Шаршебек Шейшеновдун билдиргенине караганда бул сезондо көрүүчүлөргө 3 спектакль тартуулашат.

22-октябрда Аалы Токомбаев музейинде Шүкүрбек Бейшеналиевдин 80 жылдыгына карата эскерүү кечеси өтөт. Жана ага арналып көргөзмө ачыла тургандыгын Бишкектеги мемориалдык музейлердин жетекчиси Арман Момаханова кабарлады. Ошондой эле 24-октябрда Раззаковдун үй музейинде Искак Раззаковду эскерүү кечеси уюштурулат.

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Владимир Горовойдун “Интарсия” деген аталыштагы жеке көргөзмөсү өтүүдө. Владимир мырзанын айтуусунда ал Кыргызстанда интарсия техникасы менен иштеген бирден бир сүрөтчү болуп эсептелет.

-Интарсия техникасы байыркы Египетте колдонулган. Аны менен усталар ар кандай үй эмеректерин жасашкан. Андан кийин италиялыктар да колдоно башташкан. Маалыматтарга караганда орто кылымдарда Италияда интарсия техникасы менен иштеген 70тей устакана болгон.

25-октябрда белгилүү италиялык композитор Джузепе Вердинин “Риголетта” операсын көрсөтүшөт. Улуттук опера жана балет театрынын артистери бул чыгармага бекеринен кайрылган жок. Негизи эле кайсы элдин опера балет театрын албайлы, репертуарында сөзсүз бул чыгарма бар дешет артистер. Ал эми кыргыз эл артисти Эсен Нурмамбетова бул чыгарма көрүүчүлөрдү терең ойго сала турган психологиялык спектакль экенин белгилейт.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG