Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:54

Бүгүн Бишкекте 25-чакырылыштагы башкалаа кеңешинин биринчи сессиясы өттү. Депутаттар Бишкек шаар кеңеш төрагалыгына Азиз Суракматовду көпчүлүк добуш менен шайлашты. А.Суракматов “Ак жол” партиясынын мүчөсү, бирок да жергиликтүү кеңеш шайлоосуна өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен шайланган.

Бишкек шаар кеңешинин төрагасын шайлоого 43 депутат катышып, анын 39у өзүн-өзү көрсөтүү менен шайлоодон өткөн “Ак жол” партиясынын мүчөсү Азиз Суракматовду колдоп, калган 4 депутаттын үчөө анын атаандашы Эмил Рыскуловго добуш беришкен. Э.Рыскулов өзү бир да партияда жоктугун ырастап, Бишкек шаар кеңешине кайсы партиядан депутаттар арбын шайлангандыгын билбестигин айтуу менен гана чектелди.

- Менде андай статистика жок. Мен өзүм “Ак жол” партиясында да, башка партияда да турбайм.

Бишкек шаар кеңешинин депутаты Камчыбек Узакбаев төраганы шайлоо мыйзам чегинде ачык, калыс өткөнүн белгиледи. Анын айтуусунда, жергиликтүү кеңешке кайсы бир партияга салыштырмалуу партияда жоктор арбын шайланды.

- “Ак жол” партиясынын активдүү иштегенин мен байкаган жокмун. Мына сессияда да “мен “Акжолдон” келдим” деген бир да депутат болгон жок.

Бишкек шаар кеңешинин мурдагы төрагасы Айбек Осмоналиев 5-октябрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо калыс өткөнүн айтып, башкалаадан жаңы шайланган депутаттар татыктуу талапкерди төрагалыкка шайлашканын ырастады.

- Мен ойлойм, мэр да жаңы, эми жаңы төрага болуп экөө чогуу иштешсе жакшы болот. Жакшы талапкер болду. А.Суракматов менен биз 4 жыл чогуу иштедик.

Шайлоо калыс өткөнүн Бишкек шаар кеңешинин депутаты Кеңешбек Жусупов да бышыктады.

- Шайлоонун өтүшүн түз жана таза деп эсептейм.

Бишкек шаар кеңешинин көпчүлүк депутаттары ачык айтышпаганы менен мурунку шайлоодо бийликчил “Алга, Кыргызстан” партиясы арбын орунга жетишсе бул ирет мөрөй “Ак жол” партиясына ооду окшойт. Бишкек шаар кеңешинин мурдагы депутаты Абдыгул Чотбаевдин ырасташынча, шайлоону мыйзамдуу өттү деп айтыш кыйын.

- Канча шайлоо башымдан өттү. Эң эле мыйзамсыз, аны одоно бузган азыркы шайлоо болду. Мындан ары кандай болорун билбейм. Мына шаар боюнча 11 округдан мурда эле даярдап койгон тизмедеги кишилерин өткөрүп алышты. Ой-пикир ушул. Өзүм 2-3-орунду алгамын. Протоколдор бар. Участкалык шайлоо комиссияларында байкоочуларым отурган. 22 шайлоо участокторунда. Протоколдорун алып келген. Участкалык шайлоо комиссиянын төрагалары колдорун коюп, мөөрлөрүн басып беришкен. Анан бүткөндөн кийин 1-2 сааттын ичинде баарын алмаштырып ташташты.

Бишкек шаар кеңешинин жаңыдан шайланган төрагасы Азиз Суракматов 5-октябрдагы шайлоого атаандаштар арбын катышканын белгилеп, “Ак жол” партиясынын мүчөлөрү өзүн-өзү көрсөтүү менен чыкканын ырастады.

- Биздин партиялаштар көпчүлүктү түзөрүн билбейм. Биз депутаттыкка талапкер болуп катталганда өзүн-өзү көрсөткөндөр деп чыкканбыз. Ачык эле айта алам, партия бул жерде эч кандай кийлигишкен жок.

Бишкек шаар кеңешине депутаттыкка 392 талапкер көрсөтүлүп, алардын 378 катталган. Катталгандардын 101и партия атынан, 277 талапкер өзүн-өзү көрсөтүшкөн. 44 депутаттан турган Бишкек шаар кеңешинин кезектеги жыйыны жума күнгө белгиленди.
XS
SM
MD
LG