Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:50

21-ОКТЯБРЬ: “ТАРЫХ БАРАКТАРЫ”


Бүткүл россиялык Борбордук Аткаруу комитети 1924-жылдын 21-октябрда Кара Кыргыз Автономиялык областтык ревкомунун курамын бекиткен. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жасалган кезектеги түзөтүү жана толуктоолор 1998-жылдын 21-октябрында жасалган.

Бүткүл россиялык Борбордук Аткаруу комитети 1924-жылдын 21-октябрда Кара Кыргыз Автономиялык областтык ревкомунун курамын бекиткен. Кара Кыргыз Автономиялык ревкомунун жетекчилигине Иманаалы Айдарбеков дайындалып, жаңы областын борбору катары Жалалабад белгиленген. Бирок ал жерде областтык администрациянын иштеши үчүн жарактуу имараттын жоктугунан, жетекчилик ошол убакта ТурЦИКтин экинчи Кеңеш Үйү аталган ташкенттик мейманканага жайгаштырылган. Кыргыз Автономиясынын ревком жетекчилиги областтык борбордун декабрь айында Пишпек шаарына жайгаштырылышына чейин Ташкент шаарында жашап турган.

Фрунзелик маалымдоо каражаттары 1944-жылдын 21-октябрында Ош областынын Төө моюн жергесинде радий кенинин чыгышы туурасында жазып чыгышкан. Ошол кездеги маалымат деңгээлинин тартыштыгына байланыштуу, кабарчылар радийден атом бомбасы жасала тургандыгын жана ал мамлекеттик сыр категориясына киргендигин ажырата алышкан эмес. Маалымат кызматчылары геологдор жасаган ачылышты кезектеги эмгек жетишкендиги катары баалашып, алардын эмгегин фашисттик Германияга каршы урулган согуштагы сокку катары баалоо максатында мамлекеттик сырдын көшөгөсүн ачышкан.

Кыргыз Республикасынын өмөтүнүн 1998-жылдын 21-октябрь күнкү жардыгына ылайык Кыргызстандын дипломатиялык кызматынын күнү октябрь айынын жыйырма төртүндө белгилеээри аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы 1993-жылы кабыл алынып, андан кийин Негизги мыйзамга бир канча ирээт түзөтүү жана толуктоолор киргизилген. Негизги мыйзамдын айрым статьялары боюнча биринчи референдум 1996-жылдын февраль айында өткөрүлгөн. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жасалган кезектеги түзөтүү жана толуктоолор 1998-жылдын 21-октябрында жасалган. Жаңы кабыл алынган түзөтүүгө ылайык жер мамлекеттик, коммуналдык жана жеке менчик карамагында боло тургандыгы аныкталган.

Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган 2003-жылдын 21-октябрында Кыргызстанга иш сапары менен келди. Ушул эле күнү ал Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү тегерегинде сүйлөшүү өткөргөн.
XS
SM
MD
LG