Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

ФОТОЖУРНАЛИСТКЕ БҮРКҮТ КОЛ САЛДЫ


18-19-октябрда Тоң районунун Бөкөнбаев айылында кыргыз элинин жамбы атуу, жаа тартуу, тайганчылык жана мүнүшкөрлүк өнөрүн калыбына келтирүү боюнча Эл аралык биринчи фестиваль өткөрүлдү. Фестиваль учурунда тоого бөлүнүп чыгып кеткен фотожурналист Игорь Коваленкого капыстан бүркүт кол салып, башынан жаракат алды.

Көчмөн элдердин жамбы атуу, жаа тартуу, тайганчылык жана мүнүшкөрлүк өнөрүн калыбына келтирүү боюнча Эл аралык биринчи фестивалга Казакстан менен Кыргызстандын 82 өкүлү катышып, өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Өлкөнүн дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агентинин жетектөөчү адиси Искендер Кожокеевдин айтымында бажы жана эл аралык ветернариялык кызматтын тоскоолдуктарына байланыштуу Монголия менен Түркмөнстандын мүнүшкөр, тайганчы мергендери Ысык-Көл фестивалына катышпай калышты.

Тайгандардын тайманбастыгы, алгырлыгы карышкырга салынып сыналса, күлүктүгүн түлкү менен коендорду кубалатып кое берип сындан өткөрүштү. Натыйжада Бөкөнбаев айылынын мергени Болотбек Акуновдун эки тайганы бири күлүктүгү менен экинчиси алгырлыгы менен айырмаланып, карышкыр алып, баш байгенин ээлери болушту.

Бүркүттөрдүн сынагында карышкырга батынып, тырмак салган тоңдук мүнүшкөр Жакшылык Зарпаевдин бүркүтүнө калыстар тобу эң жогору баа беришти.

Фестивалдын катышуучусу чүйлүк мүнүшкөр, мерген Ислам Исраиловдун пикиринде байыркы өнөрдү калыбына келтирүү аракети өкмөттүк деңгээлде колдоого алынса, чет өлкөдөн дагы туристтердин көп келүүсүн шарттайт.

- Ошондой эле фестивалдын финалына катышуу үчүн алгач райондук, облустук мелдештер, сынактар өткөрүлүп, андан тандалган мыктыларга гана баш байгеге талапкер катары финалга катышууга укук берилсе дурус болоор эле. Болбосо тайган, алгыр куш баккандын баары барып, фестивалдын баркы кетчүдөй, -дейт Ислам Исраилов.

Көчмөн элдердин жаа тартуу, тайганчылык жана мүнүшкөрлүк өнөрүн калыбына келтирүү боюнча Эл аралык биринчи фестивалы өз максатына жеткенин, мындай демилгени коңшу казакстандыктар да колдоого алганын “Салбуурун” федерациясынын жетекчиси Алмаз Акун билдирди.

Ошондой эле фестивалдын жүрүшүн тартып жаткан фотожурналист Игорь Коваленкого капыстан бүркүт кол салып, башынан жаракат алган. Ага учурунда медициналык жардам көрсөтүлгөнүн, фотожурналист өзү коопсуздукту сактабай, элден бөлүнүп, жалгыз өзү тоонун кырына чыгып кеткенин мелдешти уюштуруучулардын бири Майрамкул Асаналиев “Азаттыкка” билдирди.

Ал эми фотожурналист Игорь Коваленко болсо фестивалдын уюштуруучулары коопсуздукту сактабай, түлкү, карышкыр сыяктуу айбандарды кор кылып, алардын буттарын, куйруктарын зым менен толгоп байлап мыкаачылык менен мамиле кылышканын маалымат каражаттарында сынга алууда.

Эл аралык фестивалда кыз-куумай, тыйын эңмей, жаа тартмай, кунан чабыш, аламан байге ат чабыш мелдештери да өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар ыйгарылды. Мындай байыркы аңчылык өнөр фестивалы ар жыл сайын өткөрүлүп турмай болду.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG