Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

18:10 Жалал-Абатта жол кырсыктары көбөйүүдө


Бишкек-Ош жолунда «Мазда» жана «КаМАЗ» автоунаалары сүзүшүп кеткен. Аталган жол кырсыгында жеңил автоунаанын ээси менен анын жүргүнчүсү каза болгон. Окуя Ноокен районундагы Достук айыл өкмөтүнүн аймагында 19-октябрда катталган. 17-октябрда Масадан айылында «Тико деу» жана «Тико нексия» үлгүсүндөгү автоуналар Бишкек-Ош жолунун Сузак районундагы бөлүгүндө кагышкан. Анын айынан «Тико деунун» айдоочусу райондук ооруканага бараткан жолдо, анын жүргүнчүсү кеселканага жеткенде үзүлгөн. Аталган окуялардын себептери изилденүүдө. Андан мурдараак облус аймагында Молдова өлкөсүнүн жарандары да жол кырсыгынан жараат алышкан. Коомчулуктун пикиринде, эреже бузган айдоочулар үчүн айып пулдардын көбөйтүлгөнү да жол эрежелеринин сакталышы жана кырсыктардын азайышы менен МАИчилердин паракордугунун азаюусуна өбөлгө түзө элек. Автоунаалар көбөйгөн жолдо айдоочулар баштагыдай эле катуу ылдамдыкта жүрүшөт. (YA)

XS
SM
MD
LG