Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:08

Айзада Касмалиева, Бишкек Кыргызстандын экономикасына мигранттардын эсебинен жыл сайын болжол менен 1 миллиард долларга жакын киреше түшүп турат. Бирок айрым талдоочулар миграциянын бүгүнкү күндө өлкөгө пайдасынан да зыяны көбүрөөк деп эсептешет. Анткени мындай кирешенин артында укугу корголбогон мигранттардын моралдык басынуу менен коштолгон толгон токой проблемасы турат.

Азыркы мезгилде Москвада окуп жана иштеп жүргөн Чолпонбай 4 жыл мурун Орусияга жумуш издеп кеткен. Алгач кафеде официант болуп иштеп, акырындап өз аракети менен окууга өтүп, азыр өз жанын өзү багып калган учуру . Азырынча анын Кыргызстанга кайтуу ою жок.

- Кыргызстанда жумуш жоктугунан Россияга бет алгам. Кафеде иштеп, анан окууга тапшырдым. Азыр окуп, кошумча иштейм дагы. Азырынча Кыргызстанга кетем деген оюм жок. Акча таап жатам, жумушум бар иштеп жатам. Кыргызстанга кеткенде эмне пайда.
Чолпонбайдын айтымында, жумуш издеп келген кыргыздар алгач бөтөн жерге келгенде эле документ маселесинен кыйналышат. Анткени туура мыйзамдуу жол менен келгенде деле документтеринен ар кандай мүчүлүштүктөр чыгып, акыры баары эле жергиликтүү милицияларга акча берип кутулушат.

- Бул жактагы кыргыздар документке келгенде аябай кыйналышат. Баарынын эле документи туура эмес. Милицияга жүз элүү, эки жүз рубль берип жатып араң кутулушат. Туура жасаттым дегенде деле сөзсүз бир нерсеси чыгат. Андан көрө акча берген жакшы. Кээде документтин деле кереги жок болуп калат. Элчилик болсо, жакшы көңүл бурбайт. Негизи алар бизге жардам бериши керек да.

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Раимкул Аттокуровдун пикиринде, элчилик аларга кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде жардам берет. Ал эми Россиядагы мекемелердин өздөрүнүн талаптары болот. Негизинен мигранттар өздөрүнүн укуктарын жакшы билбегендиктен эле өздөрү торго түшүп берет, дейт Раимкул Аттокуров.

- Жөн эле бир сержант келип, документиң туура эмес экен деп койсо эле, ошол замат акчаларын кармата салышат. Бул мигранттардын өздөрүнүн укугун билбегендиги менен байланыштуу. Мисалы бизде эки юрист, консулдук бөлүмдө алты киши, ички иштер министрлигинен жана миграция комитетинен өкүлдөр иштешет. Эч кандай деле проблема жок. Кайрылышса, мыйзамдын чегинде жардам берип жатабыз.

Социолог Топчугүл Шайдуллаева азыркы мезгилде мамлекеттин миграция процессин жөнгө салуу аракеттери дүйнөлүк стандарттардын деңгээлине жетпей жатат деп эсептейт. Анын айтуусунда, эгер мигранттарды Кыргызстандын босогосунан узай электе эле тескеп, кандайча кетип жатканын аныктап, аларга мигрант болуу маданияты үйрөтүлсө, алар бөтөн жерге барганда көп зыяндуу нерселерден оолак болмок.

- Документтерди сабаттуу жасоодо, жок дегенде ошол эле биздин вокзалда атайы бир кызмат ачып койсо болот да. Алар кетип жаткан жарандардын документтерин текшерип, кайсы жакка кантип бара тургандыгын тактап, документи талапка жооп бербесе кайра жасатканга мүмкүнчүлүк бергендей болсо. Ушуну уюштуруп коюу колдон келет. Мамлекет ушуга өзгөчө көңүл бурса жакшы болот эле. Ал жерлерге да тажрыйбалуу адистерди олтургузуу зарыл болмок. Биз негизи алдын ала чараларды көрбөй, өзүбүзгө өзүбүз эле проблеманы жарата беребиз.

Кыргызстанда жыл сайын 100миң киши эмгекке жарамдуу куракка жетет. Алардын жарымы гана өз жеринде жумуш менен камсыз болот да, калганы өз өлкөсүнөн эч колдоо таппаган соң, башка өлкөгө жумуш издеп жөнөшөт. Жакшы жашоонун артынан түшүп барган кыргыз жарандары азыр кандай шарт болбосун, баарына көнүп, эптеп тапканын чогултуп, Кыргызстандагы үй-бүлөлөрүнө жөнөтүү менен алек. Бирок “экономикага киреше келип жатат” деген сөздүн артындагы айтылбаган түйшүк, мээнет, моралдык басынуу, ден соолуктун бузулушу - Кыргызстандын келечеги үчүн кооптуу кырдаалды жаратат деп эскертет Топчугүл Шайдуллаева:

- Акча гана таппастан, тил үйрөнүп, тажрыйба алып келип жатышат. Бул жагдай Кыргызстанга өзүнүн пайдасын тийгизет дечи. Бирок тапкан каражаттын артында биздин төрөй турган курактагы жаш кыз-келиндерибиздин миграцияга кабылып жатышы -жакынкы 15 жылда эле демографиялык терс абалга алып келет. БУУ тарабынан жарыяланган билдирүүдө, Кыргызстанда төрөлгөн балдардын саны менен катар эле , төрөттөн каза тапкан энелердин саны өскөн. Ден соолугунан ажырап келген жаштарыбыз балалуу болгону менен, жыйынтыгында ата-энесиз калган балдар көбөйүшү мүмкүн.

Чет жакта жүргөн мигранттардын кайта турган да мезгили болот. Бирок алардын баары эле капчыгы толо келбейт. Жашоонун түрлүү сынына түшүп, акыры өз жерине кайтып келген мигранттарга колдоо көрсөтүү, аларды колдоо боюнча биздин мыйзамда эч нерсе каралган эмес. Топчугүл Шайдуллаеванын айтуусунда, бул бир эле мисал , ал эми негизинен миграция жөнүндөгү мыйзам мындан башка дагы маанилүү толуктоолорго абдан муктаж.
XS
SM
MD
LG