Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Ирактын саясий лидерлери коопсуздук келишиминин долбоорун талкуулашууда


Вашингтон менен Багдад ортосундагы келишмге ылайык, америкалык аскерлер Иракта дагы 3 жылга калышат. Кечээ премьер-министр Нури ал-Малики, президент Жалал Талабани жана негизги саясий фракциялардын жетекчилери Коопсуздук кеңешинин жыйынына чогулушкан, бирок документ боюнча мунасага келе алышкан жок. Өкмөттүн басма сөз өкүлү Ройтерске билдиргенине караганда , кээ бир саясатчылар келишимге байланыштуу күмөн саноолорун билдиришүүдө. Аны күрттөрдүн негизги партиясы гана толугу менен колдоду. Буга чейин шиийлердин альянсы, анын ичинде премьер-министрдин партиясы макулдашууга өзгөртүү киргизүүгө үндөшкөн. Ал эми документти колдогондор ал жылдын аягына чейин жактырылат деп үмүттөнүшөт. Анын аралыгында Британиянын коргоо министри Жон Хаттон Багдадга барып, британ аскерлерин чыгаруу ыктымалдыгы боюнча келишимди талкуулады.

XS
SM
MD
LG