Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:29

Амирбек Усманов, Прага Бир нече ай мурда эле россиялык компаниялар тыш өлкөлөрдө ири ишканаларды, футбол клубдарын, күлүк аттарды батыл сатып алып жатышкан. Президент Медведев болсо Москваны дүйнөнүн финансы борборуна айланатуу тууралуу кеп козгоп калган. Бирок глобалдык финансылык кризис Россиянын баалуу кагаздар рыногун бүлүккө салып, Кремлге жакын олигархтар миллиарддаган доллар чыгаша тартышты. Орус өкмөтү абалды курчуптоонун амалын издөөдө.

Май айынан бери Москванын банктар аралык валюта биржасындагы сооданын көлөмү дээрлик 60 процентке кыскарды. Россиядагы эң бай 25 ишкер 230 миллиард доллар чыгым тартты. Өлкөдөгү теңдешсиз бай эсептелген Олег Дерипаска автомобиль тетиктерин чыгарчу Канададагы ширкеттеги жана Германиядагы курулуш компаниясындагы үлүштөрүн аргасыз сатты. Анын ээлигиндеги «Союз» банкы кредит берүүнү токтотту. Атактуу ГАЗ автомобиль заводу өндүрүштү кыскартты.

Ошентип, америкалык илимпоз Маршал Голдман айткандай, чет элдик банктардан алган олчойгон акчага таянып, оозун араандай ачкан россиялык олигархтар текеберденүүсүн коюп, шылкыя түштү. «Алар өз байлыгын, өз ишканаларын дагы көп карыз алуу үчүн күрөөгө койушкан эле. Биржаларда ишканалардын акциялары арзандап кеткенден кийин алар дагы көп карыз алууга муктаж болууда», деп түшүндүрөт профессор Голдман.

«Мечел» компаниясын премьер Путин металлдын жана көмүрдүн кымбаттоосу үчүн күнөөлүү деп омуроого алуусу жана Грузиядагы согуш четэлдик капиталды Россиядан качырды. Банк жана финансы секторундагы абалды курчутпоо үчүн өкмөт 200 миллиард доллар бөлдү. Бул акча өкмөттүн ээлигиндеги «Внешэкономбанк» аркылуу таратылмакчы. Россиянын Борбордук банкынын төрагасынын биринчи орун басары Алексей Улюкаев1-октябрда «Внешэкономбанк» башка да булактардан кредит алган ишканаларга акча бербегенге укуктуу экенин эскертти. Улюкаевдин бул сөзүнү көпчүлүк талдоочулар кредит өкмөттүн ыктыярына карай бөлүнөт деп баалашты. Россиянын өнөр жайчылыр жана ишкерлер союзунун төрагасы Александр Шохин өкмөткө жазган ачык катында мамлекеттик жардам компанияларга ачык-айкын жагдайда бөлүнүүсүн талап кылды.

Айырым серепчилер өкмөт учурдан пайдаланып, өзүнө баш ийбеген компанияларды таламайга алат деп кооптонушат. «Бул Кремль ашыкча көөп, сөз укпай калды деп тапкан ишкерлерди жазалоо үчүн өтө сонун убакыт», дейт таанымал социалог Ольга Крыштановская.

Ырас эле, мамлекеттик акча бийликке жакын компанияларга бөлүнүп жатканын Россиянын маалымат булактары тастыкташты. «Коммерсант» басылмасы 17-октябрда жазганга караганда, мунай-газ тармагын колдоого чегерилген 9 миллиард доллардын 47 проценти өкмөттүк «Роснефть» компаниясына тиет. «Роснефтинин» директорлор кеңешинин төрагасы, Путиндин жакын адамы вице-премьер Игорь Сечин. «Газпромдун» ээлигиндеги «Газэнергопромбанк»болсо Москвадагы «Собинбанкты» сатып алары жарыя кылынды.
XS
SM
MD
LG