Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

ЫСЫК-КӨЛДӨ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КООМДУК ИНСПЕКТОРЛОР КҮРӨШӨТ


Рита Нурмамбет кызы, Ысык-Көл Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттик «Ачык коом» институту менен биргеликте Ысык-Көлдөгү коррупцияны иликтеди. Анын жыйынтыгы атайын уюштурулган тегерек үстөлдө айтылып, аягында улуттук агенттик коррупцияга бөгөт коюу үчүн ар бир райондон 50гө жакын коомдук инспекторду ишке тартуу зарылдыгын белгиледи.

Коррупцияны алдын алуу жергиликтүү деңгээлде кандай экенин иликтеген улуттук агенттиктин адистери Ысык-Көл районунун үч күн текшерди. Бул жер көл жээкке жакын айылдар болгондуктан, жер маселеси курчуп кеткенин аныкташты. Коррупцияны жоюу боюнча улуттук агенттиктин башкы адиси Эрик Баялиев райондогу архитектура жана Чолпон-Ата шаар башкармалыгынын кемчиликтерин белгиледи:

- Архитектурага барсак, коррупцияга каршы жакшы коюлган эмес экен. Башчылары жок экен, берки адистери, ответственный ким, телефон доверияңар кайсы, комиссия, буклет, стендиңер гана деген суроого жооп бералышкан жок.

Эрик Баялиев Чолпон-Ата шаар башкармалыгында жер алган, албагандардын тизмелери, ага укуктук документтер жөнүндө маалымат илинбегенин кошумчалады. Ал эми архитектура боюнча көл жээктеги жерлердин ижара үлүшкө берүү тартиби, же курулуш долбооруна канча акча төлөө жөнүндө түшүндүрүү иштери ачык жарыяланбагандыктан келгендер документтерди бүткөрүүгө өң-тааныш издөөгө мажбур болорун Марипа Муканова белгиледи.

Муканова “Ачык коом” институтунун коррупцияны алдын алуу боюнча долбоордун жетекчиси:

- Эл эмдигиче жерди кайсы мекеме берерин билбейт экен. Аны архитектурадан талап кылып атыптыр. Биз айттык адегенде шаар башкармалыгы токтом чыгаргандан кийин архитектура менен госрезистр чийип каттап берет деп. Ошондой эле кайсы жерлердин аукционго коюлуп, же сатыла турганы жөнүндө дагы маалымат жок экен.

Жергиликтүү аймактарда коррупцияны токтотуу үчүн иштеп аткан “ЭлЖиАй” долбоорун жетектеген Нурипа Муканова бир гана Ысык-Көл районундагы мамлекеттик мүлктү каттоо башкармасынын ишин таза, ачык деп баалады.

Ал эми архитектура менен шаар башкармалыгындагы айтылган кемчиликтерге жетекчилери өз жүйөлөрүн билдирди. Мисалы Чолпон-Ата шаары боюнча жер алууга кезеке турган 1800 кишинин нааразылыгы боюнча шаар башчысы Нурлан Насирдинов буга чейин 1400 кишиге жер участогу берилгенин айтты. Ал эми архитектура башчысы Бакыт Абдиев жер берүүнүн тартиби айыл өкмөттөн бузулуп аткандыктан бул жерде архитектуранын күнөөсү жок деди.

Ысык-Көлдөгү коррупцияны жоюу үчүн Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларына атайын кеңселер ачылганын коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин Ысык-Көл, Нарын аймактары боюнча жетекчиси Өмүрбек Шаршеналиев билдирди:

- 2-октябрдан баштап комиссардын приказы чыккан, общественный инспекторлорду ала баштайбыз. Ар бир райондо 20-30-50гө чейин киши алабыз.

Комиссардын аймактык жетекчиси Өмүрбек Шаршеналиев Кыргызстан эки жыл мурда коррупция боюнча 118 орунда болсо, азыр 166-орунга жеткенин өлкө үчүн кооптуу деп эсептеди. Белгилеп кетчү нерсе, Шаршеналиев Түп районунун акимдигинен бошогондон кийин ушул кызматка келген.

XS
SM
MD
LG