Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:08

8:14 Бүгүн “Жоомарт” кыймылы Горький аянтында акция өткөргөнү жатат


Бүгүн “Жоомарт” патриоттук кыймылы АКШнын аба-аскерий базасын Кыргызстандан чыгаруу талабы менен Максим Горькийдин эстелигинин жанында акция өткөргөнү жатат. Кыймылдын башчысы Нурлан Мотуевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда анын демилгесин мусулмандардын “Акыл-эс, рух, ыйман” коому колдомокчу. Өткөн аптада Бишкекте АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ричард Баучер базанын максаты Ооганстанда жай турмуш орнотуу экенин белгилеп, анын турушу регион үчүн маанилүү деп билдирди. Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев АКШ аба-аскерий базасы Ооганстанда кырдаал тынчыганга чейин турарын бир нече ирет белгилеген. (BuS)

XS
SM
MD
LG