Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:05

8:43 Президент Курманбек Бакиев жаңы Салык кодексине кол койду


Кодексти парламент өткөн жумада кабыл алып, президенттин кароосуна берген. Жаңы мыйзамда ай сайын жана үч айлык отчет берүү, салык төлөө тартиби жөнөкөйлөштүрүлдү. Кошумча нарк салыгы 20 пайыздан 12 пайызга, чакан ишкердик үчүн бирдиктүү салык 10 пайыздан 6 пайызга чейин азайтылды. Ошол эле мезгилде жер астындагы байлыкты иштетүүгө салык киргизилип, кыймылсыз мүлккө салык киргизүүнүн реалдуу механизми иштелип чыкты. “Салык Кодексин аракетке киргизүү жөнүндөгү” мыйзамга ылайык салык кодексинин негизги жоболору 2009-жылдын биринчи январынан күчүнө кирет. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG