Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:07

12:57 Кыргыз мигранттары бөтөн жерде өз укуктарын билбегендиктен жабыр тартышат


Кыргызстандын Россиядагы элчиси Раимкул Аттокуровдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, жөнөкөй бир сержант кармап алып “документиң туура эмес” десе эле мигранттар акчаларын бетине кармашат. “Алар өздөрүнүн укуктарын так билбегендиктен, ошентип эле өздөрү колго түшүп беришет.Мындан ташкары көпчүлүк кыргызстандык жарандар чет жерге келе жатканда эч шартын билбей келгендиктен, жумушка орношуу, жашай турган жер, жумуш акысын алуу деген сыяктуу курч маселелерге кабылышат. Биз аларга Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде гана жардам беребиз. Ал эми бөтөн жердеги мекемелердин да өз талаптары бар да”,-дейт элчи. Учурда Орусияда окуп, иштеп жүргөн кыргыз мигранттарынын саны орто эсеп менен төрт жүз-төрт жүз элүү миңге чукул. Аларга жардам берүү үчүн элчиликтен тышкары Орусиянын отуз беш шаарында коом-уюмдар түзүлүп, иш алпарышат. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG