Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:20

С.МОЛДОКУЛОВ: ЖЕТЕКЧИЛЕР САЯСАТ МЕНЕН АЛЕК БОЛУШУП, ЭКОНОМИКАГА КӨП КӨҢҮЛ БУРУЛБАЙ ЖАТАТ


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Өлкө президенти өткөн жумада жасаган кайрылуусунда мамлекеттин алдында чечүүчү үч милдет турганын белгилеген эле. Бул милдеттер канткенде ишке ашат, дегеле азыркыдай шартта аларды ишке ашыруу мүмкүнбү? “Азаттыктын” ушул өңүттөгү суроолоруна мурдагы экономика жана соода министри Сабыр Молдокулов жооп берди.

- Сабыр мырза, президент Курманбек Бакиев 17-октябрдагы кайрылуусунда алдыда чечүүчү үч милдет турганын белгилеп, алардын бири катары дүйнөлүк финансылык кризистин алдын алууну атады. Сиздин оюңузча, бул маселеге Кыргызстан канчалык деңгээлде даяр?

- Кыргызстан дүйнөлүк финансы кризисине даяр деп айтыш кыйын. Анткени бул кризис өтө чоң финансылык кризис болуп жатат. Бүт дүйнөдөгү эң чоң өлкөлөргө дагы терс таасири тийди. АКШ, Европанын бир катар өлкөлөрү чыдабай жаткан кризисти Кыргызстан жалгыз көтөрүп кетет деп айтыш кыйын. Бирок башка өлкөлөрдө миллиарддаган акчалар банктарга бөлүнүп, олуттуу чаралар көрүлүп жатпайбы. Ошондуктан алар бул кризистен чыгып кетет деп ойлойм. Бул маселе боюнча Кыргызстан деле четте калбайт. Анткени өкмөт тарабынан алдын ала чаралар көрүлүп жатат. Мына салыштырмалуу былтыр ушул маалда инфиляция 126 пайыз болчу. Азыр деңгээли кичине төмөнүрөөк болушу керек. Жалпылап айтканда Кыргызстандын экономикасы башка кошуна мамлекеттердин экономикасы менен байланыштуу. Ошондуктан дүйнөдө экономикада кандай процесстер болсо бизге дагы ал процесс кечигип болсо дагы келет. Президент К.Бакиев айткандай, даярдыкты көрүш керек. Бирок бул жетишсиз болот го деп ойлойм.

-
Президент экинчи милдет катары энергетика менен айыл чарбасындагы кризистүү көрүнүштөргө чекит коюну атады. Бул маселелерге канткенде чекит коюга болот?

- Эми бул маселелерди бүгүн айтып коюп эле эртең жоюп коебуз деп айтыш кыйын. Анткени энергетикадагы кризис бир топ жылдардан бери келаткан процесс. “Токтогулдун суусу азайып калды. Ошондуктан проблемалар болуп калды. Ошон үчүн электр жарыгын өчүрүп жатабыз”,- деген кеп туура эмес. Энергетикада көп жылдардан берки келаткан жоготууларды системалык кризис десек болот. Ал тармак жаңы жабдыктар менен камсыздалбай, тескерисинче бардыгын талап жаткан кез. Ал эми айыл чарбасындагы көйгөйлөр деле көп жылдан берки маселе. Азыр айыл-чарбасында жерлерди бириктириш керек, жана башка жактан колдоо керек деп эле айтылып келатат. Бирок иш жүзүндө бул тармакта деле азык-түлүктү, продукцияны көбөйтөлүк деген кызыкчылык жок болуп жатат.

- Президент ошондой эле өлкө экономикасынын атаандашуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгын баса белгиледи. Бүгүнкү күндө экономикада атаандашуу канчалык деңгээлде?

-
Экономикада жалпы атаандашуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу кыйын. Бирок кээ бир тармактарга шарт түзүп, муну арттырууга болот. Мисалы, бир-эки жыл мурун кийим тигүү тармагынан салыктарды азайтып, патентке өткөрүп он эсеге көтөрүлгөн. Андай жалпы саясат болбой жатат биздин экономикада. Бардыгы эле жайылып кетип, атаандаштырууга көп деле аракет болгон жок. Бардык жетекчилер саясат менен алек болушуп, экономикага көп көңүл бурулган жок чынында.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG