Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:51

ЖАЛАЛ-АБАТ: КЫРГЫЗ ЖЕРИНЕ ОТУРУКТАШЫП АЛГАН ӨЗБЕК ЖАРАНДАРЫ КАТТООГО АЛЫНУУДА


Ырысбай Абдыраимов, Жалал-Абат Жалал-Абат облусунда чек ара маселесин козгогон талкуу болуп өттү. Ага катышкан чек ара кыштактарынын тургундары менен журналисттер делимитация жана демаркация иши али толук бүтпөгөндүктөн бул тармакта кырдаал оор экендигин белгилешти. Коңшу мамлекеттин тургундары жашаган айылдар Өзбекстанга өтүп кеткен учурлар болгон. Жергиликтүү маалымат каражаттары чек ара көйгөйлөрү менен жаңжалдарын өз убагында калыс, так чагылдырып берүүгө алсыз. Аларга маалымат убагында берилбейт жана окуя болгон жерге барууга каражаттары менен унаалары жок. Облустук бийликтин өкүлдөрү турмуштук маанидеги окуялар деле көбүнчө туура эмес чагылдырып келаткандыгын белгилешти.

Чек ара көйгөйлөрү жергиликтүү маалымат каражаттарында аз чагылдырылат. Тактоо-аныктоо иштери али бүтө электигинен эки жакка каттоо маалында жарандар бир кыйла көйгөйлөрдү баштарынан өткөрүшөт. Облуста кошуна өлкө жарандарынын миграциясы күчтүү. Күн сайын 50 миңге чейин өзбекстандык келип кетишет. Жалал-Абат телесинин төрайымы Бактыкан Ажымаматованын пикири боюнча облустун Аксы, Алабука аймактарында талаш жана чыр-чатактуу аймактар арбын, ал жактардагы окуяларды өз убагында тартып, көрсөтүүгө автоунаа жана каражат тартыш болууда деген пикирин ортого салды Бактыкан Ажымаматова.

Обулус кошуна Өзбекстан менен миң чакырым жерде чектешет. Анын 763 чакырымы такталган. Кошуна мамлекет чек араны көзөмөлдөөгө 6 чек ара отрядын жайгаштырган, облуста бир гана Шамалдуу-Сай чек ара отяды бар, кошумча дагы бир чек ара аскер бөлүгүн түзүү иши чечүү алдында турат. Облус менен Өзбекстандын ортосунда тактоону талап кылган 21 жай бар. Чек ара кыштактары социалдык жактан коргоого муктаж.

Жергиликтүү бийликтин коргонуу бөлүмүнүн башчы орунбасары Муса Эргешовдун айтымында, өзбекстандыктар көчүп келип отурукташкан соң, коңшу тарап «биздин жаран жашагандыктан жер биздики» деген талаптарды кое баштайт. Муса Эргешов журналисттерди чек ара көйгөйлөрү менен окуяларды калыс чагылдырууга үндөдү:

- Биздин айылдарда көп жерлер Өзбекстанга өтүп кеткен. Жаштыкта биз ойноп жүргөн жерлер да өтүп кеткен, биз аны так билебиз. Кара-Дарыяны алсак, 90го жакын гектар эле, азыр 30 гектардайын алып коюшту. Бизде азыр каттоо жүрүп атат, 3 -4 айылды алсак, 129 үй-бүлө Өзбекстандын атуулдары. Алар жер талашышы мүмкүн.

Губернатордун маалымат катчысы Орозалы Карасартов чек арадагы турмуштук көйгөйлөргө да ашыкча өң-түс берилип жүргөндүгүн билдирди. Анын айтымында кызуулукка алдырган калемгерлердин окуяны ар тараптуу изилдебей чыр-чатакты күчөтүп ийген учурлары болгон. Чек ара отрядынан маалымат алуу кыйын, анын жыйынына журналисттерди киргизбей коюшкан деди Орозалы Карасартов:

- Өлкө боюнча инцидент болгон учурларда биздин журналисттер бир жактын гана - Кыргызстандын позициясын колдойт, тигилер ар жактыкын коргойт. Ортодо чындык калып калат. Саясий башка мааниси жок, жеке чыр-чатактарга да боекту көбүрөк берип таштайбыз дагы, ошонун айынан көп чыр-чатактар чыгат.

Жогорку окуу жайында окуган Жолдошбек кызы Айзада Ала-Бука районундагы Көк-Серек айылында өзбек чек арачылары кармаган кыз ооруп, айыкпай жүргөндүгүн, ал ошондо катуу сокку жеши ыктымалдыгын айтты.

Жалал-Абат сыналгысынын кызматкери Бурмагүл Исмаилова кыргыз чек арасын кайтарууга жоокерлер аздык кылаары, андыктан көбүн эсе алардын бекетине коңшу өлкөнүн чек арачылары үстөмдүк кылып келаткандыгын айтат:

- Башка убакытта Өзбекстандын аскерлери ошол жерге ээлик кылып алат. Ошол маалда өткөн окуучу болобу, чоң киши болобу кадимкидей эле коркутушат. Мектептен чыкканда ата-энелери ошол жолдон барып тосуп алышат. Иши кылып өзүбүздүн жолго өзүбүз ээ боло албайбыз, эркин өтө албайбыз.
XS
SM
MD
LG