Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

А. САСЫКБАЕВА: БИШКЕК ШААР КЕҢЕШИНЕ ДЕПУТАТТАР ШАЙЛАНГАН ЖОК, ДАЙЫНДАЛДЫ


5-октябрда болгон жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы боюнча бир катар коомдук уюмдар иликтөө жүргүзгөн, ошол жөнүндө “Интербилим” коомдук уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева "Азаттыкка" айтып берди.

- Бир катар жарандык коомдор, бейөкмөт уюмдар биргелешип Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгына иликтөө жүргүзбөдүбү, ошол маселеге азыноолак токтоло кетсеңиз?

-Быйыл 5-октябрда шаар кеңешке шайлоо болгон жок деп эсептесем болот. Анткени ал иш чараны Бишкек шаарынын кеңешине депутаттарды дайындоо болду деп койдум мен. Ушундай айтса туура болот деп ойлойм. Бир мисал келтирип кетсем, №4 Ахунбаев округун алсак, анда окружком төрагасы кечки саат 10:55 де протоколдордун баарын жазып бүтүп, комиссиянын мүчөлөрү колдорун коюп, элге таратып коюшкан. Участкалык комиссиядан протоколдор келе элек болчу. Бир эле протокол келиптир ошол саатка. Карап көрсөңүздөр, участкалык комиссиялардын протоколдору 23:30, 23:45, түнкү 12, 6-октябрда түнкү саат 12:10до, 01:00, 01:30да келип түшкөн, ошол протоколдордун баары бизде бар. Ал эми окружкомдун комиссиясы 5-октябрда 23:55те бүтүп атпайбы, анан кандайча комиссиянын төрагасы кол коюп протоколдорду бүтүрүп коет.

- Андан бөлөк шайлоо чөлкөмдөрүндө мыйзам бузуулар жөнүндө фактыларды көрө алдыңыздарбы?

- Аябай көп фактылар болду, бизде протоколдор бар. Кээ бир кандидаттарга 2-3 миңге жакын добуштар жөн эле кошулуп калды, кээ бирлердики алынып калды. Ахунбаев округунда ушундай болду. Анын баарын биз жазып БШКга алып барып, 3 саатка чейин киргизбей эшигинин алдында турдук. Араңдан зорго кирип, регистрациядан өткөрсөк, анан үчүнчү күнү бул майда-чүйдө эле нерсе экен, көңүл бурулбайт дегендей жооп беришти. Анан сотко бардык, сотто деле ошондой жооп болуп калды. Мындайча карасак, баары эле бир бандага окшоп калыптыр - БШК, соттор. Прокуратурага да бердик, алар шаардыкка берип койду, эми көрөлү эмне болор экенин.

- Демек бейөкмөт уюмдардын жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы тууралуу иликтөөсүнүн натыйжасы эч кандай натыйжа бербейт турбайбы сот да, БШК да карабаса. Силердин кандай кадамдарга баралы деген ниетиңер бар?

- Мыйзамдуу түрүндө кадамдар да калбай калды. Бүгүнкү бийлик элди такыр эле эсине албайт окшойт, өздөрүнүн кылганын кылып атат. Анткени Жибек-Жолу округунда 124 ашыкча бюллетен менен комиссиянын мүчөсү кармалды. Аны деле көзгө илбей коюшту. Кылганынарды кылып алгыла дегендей болуп калды. Аны менен да эч жакка баралбай калдык.

- Ал эми иликтөө жүргүзүүңөрдүн жыйынтыгы тууралуу коомчулукка жарыялайсыздарбы, же өзүңөрдүн отчеттук материалыңар болуп кала береби?

- Пресс-конференция бердик, бирок аны толугу менен беришкен жок телевидениеден. Албетте, БШКга бүт отчетту беребиз, андан тышкары интернет боюнча таратабыз, гезиттерге беребиз. Бирок бергени менен, орусча айткандай "поезд ушел." Бирок эң эле коркунучтуу нерсе - ушунун баарын жасагандар мугалимдер да, мугалимдин колу менен биздин бийлик кылып атат. Ал эми бул мугалимдер балдарды окутат да, кийинки муундар эмне болот мугалимдер ушундай болсо?

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG