Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

17:55 Таласта “Жаңы Кыргызстан” партиясынын мүчөсүнө прокуратура тарабынан эскертүү берилди


Облустук прокурордун орунбасары Астапа Казиевдин колу коюлган бул катта Карыгул Сыдыгалиев жергиликтүү тургундарды ноябрь айында “Жаңы Кыргызстан” партиясы тарабынан өткөрүлүүчү нааразылык акциясына үгүттөп чакырып жатат деп көрсөтүлгөн. Дагы бул катта Кара-Буура районундагы оппозициячыл инсан Жыпарбек Тойчубековдун аты көрсөтүлүп, аны да “Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидери Сарыгул Сыдыгалиев нааразылык акцияга чакырганы тууралуу жазылган. Сарыгул Сыдыгалиев бул маалыматтарды четке кагып, жөн гана жогорудагы адамдарды “Жаңы Кыргызстан” партиясынын курамына кирүүнү сунуштаганын “Азаттыкка” билдирди. (UA)

XS
SM
MD
LG