Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

17:58 Жалал-Абат облусунда отказандарды кышка даярдоого каражат тартыш


Буу казандарын жылуулук өнөктүгүнө даярдоого каражат жетишсиз болууда. Республиканын коммуналдык чарба мекемеси ага зарыл болгон 4 миллион 600 миң сом акчаны которууну кечиктирүүдө. Облустагы мекеме-уюмдар аталган кеңсеге былтыр 3 миллион сом карыздар болушкан. Калктын кышка даярдануусу үчүн 77 жерде көмүр сатуучу жайлар уюштурулган. Облбийликтин маалыматы боюнча эл керектелчү 58 миң тонна көмүрдүн ордуна 52 миң тонна шарттуу көмүр-отун камдап алган. Коомчулуктун пикиринде облус тургундары кышка толук даяр эмес. Айрымдар электр тогуна үмүт артууда. Каражаттын тартыштыгы менен көмүрдүн кымбаттыгы жана жашоонун оордугу аны сатып алууга мүмкүндүк бербей жатат. Кышында электр тогу жылытпаса бак-дарактар кыйылышы ыктымал. (YA)

XS
SM
MD
LG