Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

ЖАЛАЛАБАТ: БИЙЛИКТИН СӨЗҮНӨ ЭЛ ИШЕНБЕЙ ЖАТАТ


Ырысбай Абдыраимов, Жалал-Абат Жалал-Абат облусунун расмий бийлиги былтыркыга караганда кышка даярдык жакшы экендигин белгилөөдө. Облбийликке жер-жерлерден калк муктаж болгон 58 миң тонна көмүрдүн ордуна элүү миң тоннадан ашык отун-көмүр камдап алганы тууралуу маалымат түшкөн. Бирок коомчулуктун пикиринде мындай маалыматтар ишенимсиз. Кымбатчылык менен каражаттын тартыштыгынан көпчүлүктүн көмүр сатып алууга шайы жетпейт. Суук катуу болсо, электр тогу менен бак-дарактарга күн түшүүсү ыктымал.

Обулустун көмүр жеткирүүгө кыйын болгон тоолуу райондорунда жылуулук өнөктүгү башталды. Мектептер жана дарылоо мекемелери көмүр менен 91-81 пайыз камсыз болушту. Облбийликтин бөлүм башчысы Ажимамат Исаевдин ушундай маалыматына караганда калк кышында 58 миң тонна көмүр керектери эсептелип чыккан. Ушу аптага карата анын элүү миң тоннадан ашыгы камдалган. Тоолуу кыштактардын эли отунду куурап калган токой дарактарынан даярдоодо деди Ажимамат Исаев:

- Облус боюнча 77 соода түйүнү бар. Тоолуу, Чаткал, Тогуз-Торо, Токтогул райондоруна биз өзгөчө көңүл буруп атабыз. Себеби булар көмүр кендеринен 290-300 км. алыста жайгашкан. Транспорт чыгымдары эле бир канча чыгып кетет. Бизде 58 миң тонна таза көмүр камдалган калкка, отун 51,7 миң тонна. Элибизде быйылкы кышка даярдык башка жылдарга караганда бир топ алдыга жүрдү жана 8 сааттан 12 саатка чейин чектөө киргизилгенин эл туура түшүнүп атат.

Бирок облустун коомчулугу кышка али толук камдана элек. Көпчүлүк дагыле болсо, утуру өчүрүлүп жаткан электр тогунан үмүт артууда. Жашоонун оордугу менен кымбатчылык жана каражаттын тартыштыгынан улам биз сураган адамдардын көпчүлүгү али кышка даярданыша электерин билдиришти. Жер маселеси менен облбийликке келген Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн тургуну Абдразак Кайыпов он адам жашаган үй-бүлөсүнө бир тонна да көмүр сатып ала электигин айтты:

- Каражат жок азырынча. 7-8 миң бир машина отун, көмүрдү алыш кыйын. Көмүр алган эч ким жок, уга элекмин, кошуналарымдан эч кимиси ала элек. Суук түшсө билбейм кандай болот.

Абдразак Кайыповдун пикирин Канат Байжумаев улантып, ал кышка камдануудан мурда ушу тапта үй-бүлөнү багуу кыйындап турганын билдирди:

- Каражат жоктугунан айылда эч кандай көмүр алган адамды көргөн жокмун. Отун да кымбат. Кышта адамдар чыдабайт го, свет өчүп атат, - деди Канат Байжумаев кышка даярдык боюнча бийликтин маалыматтарына кымындай да ынанбай турганын жашырбай.

Жалал-Абат шаарынын тургуну Мамасалы Өмүрзаков да кышка карата отун-көмүр камдай элек. Анын айтымында жумуштун жоктугу менен азык-түлүктүн кымбаттыгы кыш тууралуу ойлоого мүмкүндүк бербей атат. Кышында электр тогу өчпөсө экен деген үмүт анда да бар. Электр тогу үйдү жылытпаса, же өчүп калса, ушуп олтургандан көрө бак-даракты кыйып жагууга мажбур болот:

- Көмүр кымбат болгонуна байланыштуу ала элекпиз. Кышта свет менен чыкчу элек, эми свет өчсө кандай кылабыз билбейм. Көмүрдүн тоннасы 6-7 миң болуп атат, алалбайбыз го быйыл, Кышта свет күйсө чыгабыз,болбосо токойлорду кыйып кесет экенбиз. Экология эмне болот эми? Үшүгөңдөн көрө кыркабыз да, - деп айтты жүргүнчү ташуу менен үй-бүлөсүн багып жүргөн Мамасали Өмүрзаков.

Базар-Коргон районунун тургуну Кубаныч Кадырбаев бийликтин жарандар үчүн көргөн камкордугун байкай электигин билдирди. Анын белгилешинче учурда кымбатчылык көпчүлүктүн үшүн алды. Жыйым-терим менен убара болгон айыл калкынын кудурети суук түшкөндө бир-эки кап көмүр сатып алууга араң жетет:

- Отун-көмүр азыр кымбат кантип алабыз. Көмүрдүн тоннасы 4 жарым миңге чыгып кетти. Дыйканчылык болбой атса, тапканыбыз тамак-аштан ашпайт. Токойдон алабыз отунду, андан башка айлабыз жок. Бак-даракты кыйып салсак, мөмө жемишти кантип алабыз, - Кубаныч Кадырбаев үй-бүлөсүнүн кышка камылгасы тууралуу ушинтип айтты.

XS
SM
MD
LG