Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:02

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиги “Кыргыз Республикасындагы диний уюмдар жана ишеним эркиндиги тууралуу” деп аталган жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгып, учурда аталган мыйзам долбоор коомчулуктун кызуу талкуусуна алынууда. 1991-жылы иштелип чыккан ушундай эле мыйзам учурдун талаптарына, азыркы диний кырдаалга жооп бербесин айтышкан Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин адистери, андагы айрым жагдайларды катаалдаштырышканын билдиришти.

Жаңы иштелип чыккан “Кыргыз Республикасындагы диний уюмдар жана ишеним эркиндиги тууралуу” мыйзам долбоору боюнча ЕККУ эксперттеринин бүтүмүн кыргызстандык айрым саясат талдоочулар менен диний ишмерлер сынга алышып, эки стандарттуулук катары баалашты. ЕККУ эксперттери бардык диндер тең укуктуу экендиги тууралуу билдирүү жасап, жаңы мыйзам долбоордо каттоодон өткөн чакан диний уюмдар менен диний агымдардын ишмердүүлүктөрү чектелип каларын каңкуулашкан.

Европа өлкөлөрүндө деле салттуу диндерден башка агымдарга кадимкидей чектөөлөр киргизилгенин айткан көз карандысыз юрист Кубатбек Кожоналиев, батыш эксперттеринин бүтүмдөрү бир топ учурда калыс болбой каларын, андыктан мамлекеттиктин бүтүндүгү, коопсуздугу козголгон маселелерде ошол эле эл аралык нормалардын чегинде, мамлекетке пайдалуу жактарын эске алып чечкиндүү чараларды көрүү зарыл:

- Өлкөгө, коомго зыян келтире турган уюмдар тууралуу сунуштарды дин боюнча мамлекеттик агенттикке салттуу диндин өкүлдөрү, теологдор, көз карандысыз эксперттерден турган топ айтыш керек. Анткени, шайтан-шабырчылар деген бар. “Мунизм” багытындагылар таптакыр эле чатак, топ-тобу менен адамдарды жыныстык катнаш жасатышат. Кала берсе биздин кээ бир мамлекеттик кызматкерлер ошол жактарга кирип кетишкен.

“Саясат, дин, коопсуздук” деп аталган бейөкмөт уюмдун адиси Орозбек Молдалиев, мыйзам долбоордун негизги максаты бул багыттагы иштерди тартипке келтирүү болорун түшүндүрдү:

- Булар келип уюмду түзүп коюшат да, аны түзгөндөр чет мамлекеттерде отуруп алып, ошол жактардан таасир көрсөтүп жатышат. Ошолорду тартипке келтирүү тууралуу сөз болуп атат, мыйзам долбоор мына ошол кенемтени толтуруу үчүн иштелип чыкты. Анткени, алардын жоопкерчилиги жок болуп калып жатат. Диний багытка жамынып алып коомго каршы иштерди жасап аткандыктары үчүн булар жоопко тартылбай эле кутулуп кетип атышат. Себеби, андай мыйзам жок бизде.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Мурзахалиловдун айтымында, мыйзам долбоор өтүп калса мындан мурда каттоодон өткөн уюмдар өздөрүнүн уставын ага ылайыктап иштеп чыгууга мажбур болушат жана кээ бир адамдар айтып жаткандай ал уюмдарды кайра каттоо болбойт, же болбосо алар ишмердүүлүктөрүн уланта беришет:

- Эски мыйзамыбыз 1991-жылы кабыл алынган, ал бүгүнкү күндүн талабына дагы, диний кырдаалга дагы жооп бербейт. Ошондуктан жаңы мыйзам долбоор иштелип чыкты, мында мурдагыга караганда көп нормалары катууланды.

Эл аралык билим берүү боюнча адис Аскарбек Мамбеталиевдин пикиринде, дин сыяктуу кылдат маселени тыюу салуу же шарттарды катаалдаштыруу жолу аркылуу чечпей, окутуу, түшүндүрүү жолу аркылуу чечүү максатка ылайык:

- Канчалык тыюу салсаң, ошол нерсе ошончолук күчөйт. Анткени адам баласында мындай нерсе бар, тыюу салган сайын тескерисинче жыйынтык чыга берет. Андыктан мындай маселелерди сүйлөшүү, окутуу жолдору аркылуу чечиш керек. Кыргызстанда мобул мыйзам долбоор бир жактуу каралып калган, майда диний агымдарга каршы багытталган.
XS
SM
MD
LG