Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:25

Жаңы жылдан тарта Кыргызстанда жаңы Салык кодекси ишке кирет. Маанилүү экономикалык мыйзам көп жылдык талкуудан соң октябрдын башында парламент тарабынан кабыл алынган. Ишкердик менен инвестицияга шарт түзүү, салык чогултууну жакшыртуу, салык мыйзамындагы карама-каршылыктар менен актай калган жерлерди жок кылуу сындуу табылгалары бар негизги экономикалык документтин айланасындагы талаш дагыле токтоло элек.

Жаңы Салык кодекси ириде түшүнүктүү жөнөкөй тилде жазылган. Анан да мурдагысына салыштырмалуу кыйла кенен, салык төлөөчү менен жыйноочунун милдеттери так көрсөтүлгөн. Ишкердик менен мамлекет ортосундагы мамиле-катышты аныктаган экономикалык негизги мыйзамда мурдагы 16 салык түрүнүн 8 гана калтырылган. Мамлекеттик салык жана жыйымдар комитетинин өкүлү Алмаз Жунушалиевдин маалымдашынча, жаңы кодекс көп жылдык эмгектин натыйжасы.

- Чет элдик тажрыйбаны карап, алардан кабыл алып, 5-6 жылдан бери талкуулап жатып араң өткөрүшпөдүбү. Кээ бирөөлөр макул деп, кээ бирөөлөр каршы болуп жатышат.

Экономикалык турмуштун негизги мыйзамынын айланасында антип аркыл пикирлердин, талаштардын чыгып турушу мыйзамченемдүү көрүнүш. Жаңы Салык кодексинде автожол, өзгөчө кырдаалдар жана элге кызмат көрсөтүүдөн алынчу салыктардын ордуна сатуудан алынчу салык гана калтырылды. Анан да жаңы мыйзам салык төлөнгөнүн ырастаган отчетту Интернет аркылуу электрондук почта менен жөнөтүүгө да уруксат берет.

Жаңы Салык кодекси, парламент депутаты Николай Байлонун пикиринде, “көмүскө экономиканы” коңулдан чыгарууга мүмкүндүк, шарт түзбөгөн мурдагысындай эле салык төлөөдөн качкандарга жылуу-жумшак өтүнүч кылуудан өйдө көтөрүлбөгөн документ.

- 15 жыл сураныч-өтүнүч кылып келдик. Ошол каалоо-тилек дагы эле калууда. Катаң иш-аракеттерге өтмөйүн, салык жыйноону арбытуу, салыкты көбөйтүүнүн айрым гана амал-аргалары жасалды деп эсептейм.

Н.Байло жаңы Салык кодексин талкуулоо учурунда элден литрин 8 – 9 сомдон сатып алган сүттү иштеткенден кийин продукциясын мурдагы баасынан 4-5 эсе кымбатка саткан компанияны мисалга тартты.

- “Вим-Бил-Дан” 1,5% майлуулуктагы сүттү 55 сомдон сатат. Элден алган сүтү үчүн 8,5 – 9 сом акча төлөйт. 45 сом кайда кеткенин иликтөөчү киши жок. Өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгына зыян келтирилип жатат. “Кумтөрдүн” деле кереги жок. Ушуну тактап алсак бюджетке оңор эмес киреше түшмөк.

“Шоро” компаниясынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевдин ырасташынча, ишкерликте салык өлчөмүн көбөйтүүнүн арга-амалдары толтура.

- Бюджеттин жетишпегени 4 миллиарддан 6 миллиардга чейин болуп жатат. Өкмөт чоң тобокелдикке салып жатат. Менимче, ойлонгон бизнесчилер муну колдош керек. Резерв деген бар. Жашырганда эмне. Анан ар бир ишкер патриот болсо, колдон келсе төлөп жүргөн салыгынын көлөмүн түшүрбөш керек. Мына кризис да башталды. Биз да биртоп кыйналабыз. Бирок өкмөттү колдош керек.

“Инвестициялык тегерек үстөл” долбоорунун жетекчиси Равкат Хасановдун айтуусунда, жаңы Салык кодексинде ишкерликке шарт түзчү биртоп эле өзгөрүүлөр кирди.

- Биринчиден, жалгыз эле кошумча нарк салыгы 12% чейин азайтылган жок. Башкысы кабыл алынган салыктардын катышы төмөндөтүлдү. Киреше салыгы, пайдадан түшчү салыктар 10% түштү. Кийинкиси, жөнөкөйлөтүлгөн бирдиктүү салыктар катышы мурда 5 – 10% болчу, эми 4 – 6%.

Равкат Хасанов жаңы Салык кодексинде “байлардан” алынчу кыймылсыз мүлк салыгы, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн мүлкү менен кирешесин жыл сайын ачыкка чыгарып туруу сындуу биртоп жаңылыктар киргизилгенин ырастап, ушу тапта сатуудан алынчу салыктын айланасында чоң талаштар жүрүп жатканын маалымдады. Ушу тапта дагы бир мыйзам салык амнистиясы, капиталды ачыкка чыгаруу иши арабөк калууда.

Жаңы Салык кодекси ишке кирген соң мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө 6 миллиардга жакын акча түшпөй калыш ыктымалдыгы айтылып келатат. Непадам, өкмөт өлкөнүн ички дүң продукт көлөмүнүн жарымына жакынын түзгөн көмүскө экономикада айланган оңор эмес акчанын бир бөлүгүн бюджетке бура алса жетишпеген акчанын орду толору турулуу иш.
XS
SM
MD
LG