Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:15

Кыргызстанда көмүрдүн баасы өткөн жылга салыштырмалуу эки-үч эсеге өстү. Бүгүнкү күндө бир мүшөк (50 кг.) көмүрдүн баасы 180 сомдон 400 сом, ал эми тоннасы 2500-7000 сомду чапчыйт. Шаар жана айыл тургундары бул баалар чөнтөккө бир топ оорчулук алып келээрин айтышууда. Ал эми бийлик төбөлдөрү баалар кымбат болгон менен быйыл көмүр калкка жетиштүү болот дешет.

“Көмүр” мамлекеттик ишканасынан алынган маалымат боюнча ушул тапта Кыргызстанда 20дан ашуун көмүр казып алуу компаниялары иштейт. Сезон убагында бул сан эки-үч эсеге өсөт. Кыргызстан жылына 2 миллионго чукул көмүр керектесе, анын дээрлик 75 пайызы импорттолот. Кыргызстанда көмүрдүн запасы 3,5 млрд. тоннаны түзөт. Совет убагында шахтерлор жылына 7-8 млн. тонна көмүр казып алып, Кыргызстан СССР боюнча Россия, Украина жана Казакстандан кийинки төртүнчү орунда турган.

Өлкө башчысы Курманбек Бакиев калкты кышты күтпөй азыртан отун-суу, тезек камдаганга байма-бай үндөгөндөн көп өтпөй көмүрдүн баасы кескин көтөрүлдү. Учурда бир мүшөк көмүрдүн баасы 180 сомдон 400 сомго жетип, бир тоннасы 2500 сомдон 7000 сомду чапчыйт. Адистер өлкөдө «кара алтындын» баасы кымбат болгон менен анын запасы жетиштүү болгонун айтышат. «Көмүр» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Жапарбек Амантаевдин айтымында, быйыл өлкөдө көмүр таңкыстыгы болбойт.

- Биз базар экономикасына өткөнүбүзгө 15 жыл болду, ошондуктан анын өзүнүн мыйзамдары иштеп жатпайбы. Андан сырткары жыгач, электр энергиясы ж.б. бардык нерселердин баасы өсүп, көмүрдүн баасы да жогорулады. Бирок калк көмүрдөн кыйналбайт. Учурда бардык жерде көмүр жетишээрлик.

Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров быйыл көмүрдүн көлөмү өткөн жылдан көп казылганын белгиледи. Министр суук түшкөнчө бул маселе толугу менен чечилет деген ойдо.

- Жакында эле Чудинов менен бирге барып келдик, айрым кичи фирмалар деле былтыркыдан көбүрөөк көмүр казып алып жатышыптыр. өкмөт бул багытта болгон уч-аракетин жумшап жатат. Чет мамлекеттен келген көмүрдүн көлөмү былтыркыдан 20-30 пайызга көбүрөөк. Тилекке каршы Каракечеде айрым фирмалар ишти кечирээк баштап калышты. Кудай бизди сактап атат окшойт, катуу сууктар жок. Бирок биринчи кар түшкөнгө чейин көмүр амселеси чечилет деп ойлойм.

Ал эми Бишкек шаарында көмүр сатып жана аны жеткирүү кызматын көрсөткөн Аскар Жапаров көмүр өлкөдө жетиштүү экенин, бирок алуучулар азыр солгундап калганын айтат. Ал “Суук түшүп калаганда эл кайра келе баштайт го” деген үмүттө.

- Элдер көмүрдү мурда эле алып койгон окшойт. Азыр келип жатат, бирок бирин-серин, күтүп коюп отурабыз. К.Бакиев тезек жыйнагыла деп сүйлөгөндөн кийин элдер көп келип баштады эле. Азыр андай эмес.

Ысык-Көлдө “кара алтындын” баасы 2,5 миңден 4,5 миңге чейин. Калкты жылуулук менен камсыз кылуучу мекемелер кышкы отун дээрлик даяр болуп калганын айтса, карапайым эл тескерисинче айтууда. Мисалы, Кара-Кол шаарынын жылуулук ишканасынын деректири Автандил Абдыкадыровдун айтымында, керектелүүчү көмүрдүн 65 пайызы ташылып келинген.

- Быйыл биз 24 миң тонна көмүр даярдашыбыз керек болсо, анын 15 миңи келип түштү. Бул даярдалчу көмүрдүн 65 пайызын түзөт.

Бирок көмүр наркынын кымбат болуп жатканын Балыкчы шаарынын тургундары мындайча белгилешет.

- Мен көмүр ала элекмин. Акчам жок. Балам оорукчан, жолдошум да ооруйт анан кантип көмүр алам. Ал эмес үйдө да жарыгым жок, кесип кеткен. Кыйын эле болду, үйдө 3 айлык неберем бар.

Ысык-Көлдө көпчүлүк көмүрдүн кымбаттыгынан тезек терүүгө белсенгени менен ал да мүмкүн эмес дешет.

- Тезекти эмне кылып теребиз, уюбуз болсо теребизби тезекти. Каяктагы тезек, каяктагы отун. Азыр бак-шагы деле калбай калган. Бийликтегилер эмнеге эле ушундай кылат, билебйм.

Ал эми Баткен облусунда көмүрдүн бир тоннасы 6000-7000 сом.

- Өзүбүз 7000 миң сомго бир тонна көмүр алып койдук. Бул кышка жетпейт, аздык кылат. Албетте, бул кымбат. Эми кошумча тезек, отун, өрүктүн отунун жагабыз, - дейт Адалат эже.

Баткен шаарынын тургуну Улан көмүрдүн бир тоннасынын баасы эмитен 7000 миң болсо кышында 10 миңге жетет го деп кооптонууда.

- Кыш былтыркыдай болсо, билбейм кандай болот. Кыштан кантип чыгам деп эмитен ойлонуп жатам. Жарык кышында болбойт деп жатышат, андай болуп өмүрдүн баасы тоннасына 7000 болсо кышында 10 миң болобу. Айлык акы да аз.

Баткендиктердин көмүр жана ага болгон баанын жогору болуп жаткандыгы туурасында пикирлерине жооп катары облустун башчысы Марат Жумубеков элдерди кыйнап жаткан алып-сатарлар экенине токтотолуп, маселени 10 адам чогулуп машине таап, Сүлүктүдөн өздөрү буюртуп алып жагышсын деген сунушун ачыктыды.

- Базарларда 6-6,5 миң сомдон сатып жаткан, өз алдынча алып-сатып жаткан патенти бар, же ушундан пайда табам деген жеке адамдар сатып жатышат. Каалаган алып жатат.

Монополияга каршы күрөшүү комитети көмүрдүн баасын казылып алынган жерден анын түрүнө жараша аныктайт. Бирок, бул баалар менен калкка сатылып жаткан баалардын айырмасы ат менен төөдөй. Аталган комитеттин өкүлү Гулшайыр Кубатбекованын айтымында, өкмөт жеке фирмалар койгон баага кийлигише албайт.

- Биз коюп берген баа дүң баасы. Мисалы, биз кошумча нарк салыгын кошкондо Беш-Сары көмүрүнүн бир тоннасын 950 сом деп баалаганбыз. Көмүр ташыган фирмалар жол чыгашысын кошуп бул жакта 3300-3500дөн сатып жатпайбы.

Гулшайыр Кубатбекованыны айтымында, бааларга өкмөт кийлигишүү үчүн көмүр ташып келген фирма мамлекеттик болушу керек. Бул багытты аталган комитет өкмөткө сунуш киргизген.

- Кыргызстанда көмүр ташып келген мамлекеттик фирмалар жок. Бардыгы азыр жеке менчик болуп калган. Албетте алар киреше болбосо иштемек эмес. Ошондуктан, чоң жүк ташуучу атайын мамлекеттик фирма болушу керек деп өкмөткө сунуш киргизгенбиз.

Үстүбүздөгү жылы төрт жүз кырк беш миң көмүр казып алуу милдеттендирилсе, ушул тапта анын 300 миң тоннага жакыны казылып алынган. “Көмүр” мамлекеттик мекемеси 2015-жылга казылып алынган көмүрдүн көлөмүн 3 млн. тоннага жеткирип, анын эсебинен “кара алтын” импортун азайтууну пландаган. Бул багытта атайын программаны өкмөттүн кароосуна жиберген. Бирок бул сунуш азырынча колдоо таба элек.

Канымгүл Элкеева, Рита Нурмамбет кызы, Сабыралы Абдумомунов
XS
SM
MD
LG