Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

Дүйнөлүк финансы кризиси спорт тармагына кандай таасир тийгизди?


Дүйнөлүк каржы кризиси көпчүлүк өлкөлөрдүн экономикасына олуттуу кесепетин тийгизди. Зыян тарткан тармактардын бири – спорт. 2012-жылы Лондондо өтө турган Олимпиада оюндарынын уюштуруучуларын да каржы кризиси бушайманга салууда. Каржылык каатчылыктын айынан эми ири долбоорлор коомчулуктун жана Эл аралык Олимпиада Комитетинин уруксаты менен гана ишке ашырылмакчы.

Кыймылсыз мүлккө болгон баанын кескин төмөндөшүнөн улам 2012-жылы Лондондо өтө турган олимпиадага каржыланган акча өзүн актачудай эмес, дешет адистер. Анткени олимпиада үчүн курула турган имараттар болочокто кымбатка сатылат деген үмүт дээрлик ойрон болуп отурат. Ошондуктан Олимпиада бүткөн соң сатылаары күтүлгөн 4200 батирдин ордуна 3000 гана батир куруу пландалууда.

Британ өкмөтү да Олимпиада оюндарынын жалпы баасы тууралуу Эл аралык Олимпиада Комитети менен, ошондой эле курулуштардын наркы тууралуу куруучу компаниялар менен далай акыйлашаары айдан ачык.

Каржылык кризистин спорттун түрлөрүнө тийгизген кесепети олуттуу болгонун башка да мисалдар менен далилдесек болот.

Бейсбол: Эгерде Tribune Co компаниясы белгилүү Chicago Cubs (“Чикаго кабс”) бейсбол командасын кыйла арзан баага сатууга макул болбосо, анда каржылык кризистен улам аталган топту сатуу жараяны создугуп кетиши ыктымал.

Баскетбол: Ушул жылы Европадагы бир катар сезон баштала электеги оюндарынын санын кыскартуу менен Эн-Би-Эй (NBA) дүйнөлүк каржы кризисинин бороонуна кабылганын айгинелетти. Бул оюндардын кыскартылышы тууралуу баскетбол лигасынын өкүлү Дэвид Стерн ушул айдын башында журналисттерге билдирди. Аталган лига болгону Европанын төрт шаарында төрт гана оюнду өткөрдү. Салыштыра турган болсок, өткөн жылы алты шаарда жети оюн өткөрүлгөн. Мындан сырткары NBA лигасы болжол менен 80дей кызматкерин кыскартаарын жарыя кылды.

Мото жарыштар: Дүйнөлүк каржы кризисине туруштук берип, чыгымдарды азайтуу үчүн Формула-1дин жетекчилиги өткөн аптада радикалдуу чараларды сунуш кылды. Мындай чаралардын бири катары 2010-жылдан баштап стандарттык кыймылдаткычтарга өтүү сунуш кылынды.

Жакында эле Williams тобунун башкы демөөрчүлөрүнүн бири – Royal Bank of Scotland аттуу банкты Британ өкмөтү каржылык кризистен чыгаруу үчүн шашылыш колдоого алганы белгилүү болду. Ал эми банктын жетекчиси Фред Гудвин кызматынан кетери күтүлүүдө. Клубдун башка бир демөөрчүсү – исландиялык Баугур (Baugur) компаниясы да каржылык жарга кептелди. Спорт адистеринин айтымында, ушундан улам Williams тобу жакын арада бардык спорттук программалардан, анын ичинде теннис, ат чабыш, гольф жана Формула-1ден баш тартышы ыктымал.

Ал эми өткөн аптада Франциянын Мотоспорт боюнча федерациясы 2009-жылга белгиленген Француздук Формула-1дин Гран-При оюндарын каржылык кыйынчылыктардын айынан өткөрбөй турганын билдирди.

Футбол: Дүйнөлүк каржы кризиси бай демөөрчүлөр тарабынан каржыланбаган Европанын футбол клубдарына өзгөчө кедергесин тийгизүүдө. Англиянын Футбол бирикмесинин төрагасы Дэвид Трисмэндин айтымында, бул өлкөнүн футбол тармагындагы карыз 5 миллиард 23 миллион долларды түзөт.

Дүйнөлүк каржы кризиси спорттук мелдештер менен байланыштуу бир катар олуттуу келишимдерди жана долбоорлорду үзгүлтүккө учурата баштады. Ал эми American International Group камсыздандыруу компаниясынын АКШнын өкмөтү тарабынан каржылык колдоого алынышынан улам бул компаниянын Манчестер Юнайтед тобу менен 56 жарым миллион фунтка бааланган келишиминин келечеги азырынча бүдөмүк болуп турат.
XS
SM
MD
LG