Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:12

Ю.ТОЙЧУБЕКОВ: ДҮЙНӨЛҮК КАРЖЫ КРИЗИСИНИН КЕСЕПЕТИ КЫРГЫЗСТАНГА ЧОҢ БОЛОТ


Аманбек Жапаров, Бишкек Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана иретке келтирүү кызматынын жетекчиси Юруслан Тойчубеков жаңы Cалык кодекси ишкерлерге жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарт түзөрүн “Азаттыктын” таңкы маегинде айтты. Ал ошондой эле дүйнөлүк каржылык кризистин таасири Кыргызстанга да катуу тиерин, анын кесепетинен өлкөдө коррупция ого бетер күчөп кетүү коркунучу бар экендигин баса белгиледи.

- Юруслан мырза, жаңы Салык кодексинде кошумча нарк салыгы 20 пайыздан 12 пайызга, 16 салык түрүнүн сегизге кыскартылгандыгынан башка салык чогултууну жакшыртууга жана ишкердик менен ивестицияга шарт түзүүгө дагы кандай жаңы өзгөртүүлөр болду?

- Биринчиден бул Салык кодекси көп жылдан бери талкууга алынып, айрыкча мамлекет структураларынын, бизнес чөйрөсүнүн ортосунда талаш-тартыштарды жараткан. Себеби, Салык кодексин өзүнчө бизнести жүргүзүү жана салык чогултуудагы иштерди күчөтүү жаатындагы конституция катары кабыл алсак болот. Мына ушунун негизинде жаңы Салык кодексинде көп өзгөрүүлөр болду. Жанагы сиз айткандай кошумча нарк салыгы, салык түрүнүн кыскартылышынан башка биздин Кыргызстан айыл чарба мамлекети болгондон кийин ошого байланыштуу дагы биртоп шарттар түзүлдү. Мисалы, бүгүнкү күндө кошумча нарк салыгынан жана тапкан пайдага салыктан биздин айыл чарбасындагы кооперативдер, дыйканчылык-фермерлик чарбалар бошотулган. Андан тышкары биз өткөн жылы аракет кылып айыл чарбасына жеңилдетүү бериш керек, көтөрүш керек деп айтып жүрүп, мына азыр болсо айыл чарба продукцияларын өстүргөн ишканалар, чарбалар дагы салыктан бошотула турган болду. Биздин салык төлөөчүлөргө дагы бир жакшы нерсе, мурда салык карыздарды салык инспекциясы үстү-үстүнө текшерип келип ар түрдүү конфиликтер боло берүүчү. Азыр андай текшерүү 6 жыл деп чектелди. Алты жылга чейин салык карыздарын текшерүүгө болбойт. Азыр айрыкча кыргыздын ишкерлери үчүн жаңы Салык кодекси жакшы эле шарттарды түзүп берет.

-Айрым талдоочулар учурда өлкөнүн экономикасынын 52 % көмүскөдө экендигин, жаңы Салык кодекси көмүскө экономиканы коңулдан чыгарууга толук мүмкүнчүлүгү жетпестигин белгилешүүдө?

- Бул жерде Салык кодекси толук ишке киргенде биздин экономикага карата өзгөртүүлөр болобу деген менин жеке оюм бар. Себеби, биз башка коңшу республикаларга караганда өзгөчөлүгүбүз бар. Салыктардын бүгүнкү күнү саны кыскарганы менен тиги-бу салыктардан кандай киреше кирет? Мына ушул механизм ишке киришкенден соң көмүскө экономиканын канчасы ачыкталарын байкайбыз. Тажрыйба жүзүндө кандайдыр бир өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Бирок Каржы министрлиги, салык кызматкерлери, финансисттер санап чыгып эмдиги жылы бүджетке толугу менен эле киреше кирет деген үмүтү бар.

- Юруслан мырза эми дүйнөлүк каржы кризисине дагы азыноолак токтоло кетсеңиз? Айрым байкоочулар каржы кризиси Кыргызстанды дагы кайгып өтөт деген божомолдорун айтышууда. Анын экономикага канчалык таасири тиет?

- Эң биринчиден биз финансылык кризис кайдан келип чыкканын карап көрүшүбүз керек. Мисалы, бул маселе боюнча дүйнө жүзүнө көз салып, баамдап көрсөк, бул кризис АКШдан чыкты. Муну биз жашырбай эле айтышыбыз керек. Себеби, ар бир оорунун диагнозун туура коюш керек да. Дүйнө жүзүндө ички дүң продукт он жылдын ичинде 45 триллион доллардан 56 триллион долларга чейин көбөйгөн. Бирок баалуу кагаздардын саны 100 триллиондон 600 триллионго чейин өскөн. Ошондуктан Карл Маркстын теориясы бар эмеспи кандай болбосун “Товар- акча, андан кийин ал товарга айланыш керек” деген. Ал эми АКШда айрыкча Рейган президент болуп тургандан кийин жалаң баалуу кагаз менен камсыз кылууга өтүп кеткен. Мына ошонун негизинде баалуу кагаздар эң ишенимдүү болот, Эл аралык валюталык банк, Дүйнөлүк банк аркылуу эң көп киреше алабыз деп, көп акчаны ошол жакка которгон. Анын арты келип дүйнөлүк каржылык кризиске дуушар кылды. Айта кетүүчү нерсе, дүйнөдө өндүрүш менен байланышкан кагаздардын саны 2 пайызды эле түзүп калган. Ал эми теорияда болсо 100 пайыз байланыш болуусу керек. Бүгүнкү күнү айрымдар жалпы биздин Кыргызстандын экономикасына кризистин таасири анча-мынча эле тиет деп жатышпайбы. Мунун таасири абдан катуу болот. Себеби, биринчиден инвестиция Кыргызстанга азайып калат. Экинчиден коррупция мына ушундай учурда абдан күчөп кетиши мүмкүн. Ошондуктан өкмөт каржылык кризистин алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүп жатат.
XS
SM
MD
LG