Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:27

БАЗАРБАЙ МАМБЕТОВ: “ГАЗПРОМ” - АРЗАН ЖАНА КЕПИЛДҮҮ ГАЗДЫН БУЛАГЫ


9-октябрда Орусиянын президенти Дмитрий Медведевдин расмий сапары учурунда Бишкекте “Кыргызгаз” ишканасын “Газпром” компаниясынын карамагына берүү жөнүндө келишимге кол коюлган. Экономикалык саясат боюнча эл аралык эксперт Базарбай Мамбетовдун пикиринде бул эң туура чечим болду, анткени “Газпром” Кыргызстанды арзан баадагы жаратылыш газы менен кепилдүү камсыз кылып бере турган кубаттуу компания.

- 9-октябрда “Кыргыз газды” Орусиянын “Газпром” компаниясына берүү жөнүндө келишимге Бишкекте кол коюлду эле, бул багытта кандай иш жүрүп жатат?

- Биздин Борбор Азия регионунда жаратылыш газы эң бир негизги геосаясаттын бири болуп калды. Бул биздин “Кыргызгазды” Орусиянын чоң белгилүү компаниясы “Газпромго” берүү аракеттери туура деп ойлойм. Эмне дегенде, биздин “Кыргызгаз” мекемесин Акаевдин, азыркы бийликтин доорунда дагы делитанттар башкарып келип “Кыргызгаз” толугу менен банкрот болду. Бул мекеменин Казакстанга, Өзбекстанга, Орусияга болгон карызы көп жылга чейин төлөнбөй турган карызга айланып, банкротко келип калган. Ошол кырдаалда биз аны “Газпромго” сатсак бизге пайдалуу болот. Себеби “Газпром” белгилүү ири ишкана, анын үстүнө Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын газын алып турган компанияга берсек биз арзан баадагы жаратылыш газын кепилдүү алып турабыз деген менин оюм бар.

- Айрым талдоочулар, бул багытта кыргыз-орус кызматташтыгы Өзбекстандын газга монополия кылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат деген божомолдорун айтышууда. Буга сиздин баамыңыз?

- Ошол божомолдор дагы туура. Себеби Өзбекстан өзүнө кереги жок газды Орусияга сатып атпайбы. Өзбекстан бизди басынтып, каалаган убакта газ берип, каалаган убакта бербей, баасын эмки жылдан баштан 300 долларга чыгарып атканда, биз 700 млн. куб газ алсак, 210 млн. доллар бир жылдын ичинде жөн эле жок кылат экенбиз. Бүт Кыргызстандын кирешесин, чыгашасын кошкондо дагы ал акчаны биз эч жактан табалбайбыз да. Эгер 210 млн. долларды Камбар-Ата ГЭСтерине бөлүштүргөндө, анда биз Камбар-Ата-2 мурда эле ишке киргизип, Камбар-Ата-1 дин дагы жарымын куруп коймокпуз. Ошого биз барышыбыз керекпи, барбашыбыз керекпи?

- Баткен облусунун аймагындагы газ чыкчу жерлердин байлыгын Өзбекстан пайдаланып атат деген маалыматтар бар?

- 1992-жылы Акаевдин убагында эле газ, нефть чыгып аткан жерлерди өзүбүзгө алышыбыз керек болчу. Ак-Турпак айыл өкмөтүндөгү Бүргөндү массивинде азыр деле Өзбекстандын чарбалары 60-70тен ашык нефть мунараларын коюп, биздин газды, нефтини соруп алып кетип атат. 1992-жылы КМШ боюнча келишимге кол коюлганда биздин эргулдар курсактарын тырмап жатып алышканынын кесепети ушундай болду.

-Кээ бир эксперттер, эгерде “Газпром” кыргыз газына ээлик кылса, бара-бара Орусия Европаны газ менен көз каранды кылган сыяктуу эле Кыргызстанды дагы газ-энергетика аркылуу мойнунан байлап алат деген пикирлерин айтышууда?

- Бул туура эмес көз караш. “Газпромдон” эч качан коркпош керек. Ал бизге эки жыл мурда бензин, дизелдик, авиация отунун монополист болуп, 70тен ашык пайызын азыр биздин рынокко жакшынакай эле стабилдүү баа менен коркутпай, үркүтпөй берип жатпайбы. Биздеги болуп аткан бензин менен дизелдик отундун баардыгы Орусиянын өзүндөгү баадан 3-4 сомго арзан. Андан коркпош керек. Биз башка нерселерден коркушубуз керек. Эгер “Газпром” келсе, биз жаратылыш газы менен стабилдүү камсыз болуп турабыз.

- Маегиңизге рахмат.

Маектешкен Аманбек Жапаров

XS
SM
MD
LG