Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

15:00 Кыргызстанда инвестиция тартып келүү боюнча жаңы борбор ачылат


Аталган борбор президент алдындагы инвестициялык кеңеш, Соода-өнөр жай палатасы жана башка коммерциялык структуралардын колдоосу менен түзүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинде өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө арналган талкууда айтылды. Жыйынга бир катар министрликтердин өкүлдөрү катышты. ТИМдин билдиришинче анда азыркы инвестициялык абал, дүйнөлүк тажрыйбаларга сереп салынды. Түштүк Корея жана Чехиядагы Инвестиция боюнча агенттиктеринин иш-аракеттеринин мисалында алардын тажрыйбасы талкууланды. (EBM)

XS
SM
MD
LG