Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

17:25 Жалал-Абат облбийлиги 9 айдагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жыйынтыктады


Кеңешмеде айтылгандай, өнөр жай жана айыл чарба өнүмдөрү ашыкча чыгарылган. Инвестиция былтыркыдан эки эсе көп келген. Анткени менен электр шамдарын чыгаруучу Майлуу-Суу заводу, “Макмал алтын” жана Терек-Сай кен ылгоочу өңдүү ири ишканалар өндүрүш көлөмүн азайтып ийген. Ала-Бука районунда алтын иштетчү эки фирма жыл башынан бери иштебей турат. Облуста 1061 тонна нан азыктары кем чыгарылган. Район-шаарлар менен статистикалык уюмдардын маалыматтары эки ачакей чыгууда. Бир нече райондордо бир да чакан ишканалар ачылган эмес. Мамлекеттик ссудалар менен Япон грантын, Кытайдан алынган кредиттерди кайтаруу иши да чеке жылытаарлык эмес. (YA)

XS
SM
MD
LG