“Көк карта” деген долбоор боюнча эң көп дегенде 4 жылга берилген карта мигранттарга жумушка уруксатты ылдам алууга жана үй-бүлөөлөрүн алып келүү процедурасын тездетүүгө мүмкүндүк берет. Еврошаркеттин маалыматына караганда, биримдиктин аймагында иштеген эмгек мигранттарынын 1,7 проценти гана адистикке ээ. Канадада бул көрсөткүч 7,3, АКШда – 3,2 процентти түзөт. Долбоорду сындаганда болсо карта шаркеттин бир эле мамлекетине барууга мүмкүнчүлүк берет, Европанын бирдиктүү рыногунда эркин жүрүүгө шарт түзбөйт дешет.
ЕБ өнүгүп келаткан өлкөлөрдөн жогорку билимдүү жумуш күчүн тартуу боюнча долбоор тууралуу макулдашты