Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Донор өлкөлөр Грузияга жардам берүү жолдорун талкуулашууда


Донор өлкөлөр Брюсселде чогулуп, август согушунан жабыркаган Грузияга жардам берүү жолдорун талкуулап жатышат. Улуттар уюму жана Дүйнөлүк банктын баамында, өлкө инфраструктурасын кайра курууга, качкындарга жардам берүүгө жана экономикасын көтөрүүгө жакынкы 3 жыл аралыгы үчүн 3,25 миллиард долларга муктаж. Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозо Грузияга жардамдашуу шаркеттин моралдык милдети деди. Ал ошондой эле энергия ресурстарын ташуу жолдору Грузия аркылуу өтөөрүн эске салып, өлкөгө көмөк көргөзүү Еврошаркеттин кызыкчылыгына дал келээрин белгиледи. Буга чейин АКШ Тбилисиге 1 миллиард доллар сунуш кылса, Европа Биримдиги 500 миллион евро берүүгө убада берген.

XS
SM
MD
LG