Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:30

Канымгүл Элкеева, Бишкек Өкмөт Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлин жарыкты маал-маалы менен өчүрүү жолу менен толтурууну туура тапты. Бирок эксперттер жарыкты өчүрө баштагандан тартып экономикага чыгым көбөйгөнүн айтышууда. Ал тургай даяр бизнестер жабылып, анын кесепетинен өлкөнүн бюджетине 1 млрд. сом түшпөй калган.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2005-жылы дээрлик 19 млрд. куб метр болсо, үстүбүздөгү жылы анын жарымына да жеткен эмес. Негизги энергитикалык крисиз, суунун аздыгы өткөн жылдын сентябрь-ноябрь айларында байкалып, өлкөдө суу таңкыстыгы сезиле баштаган. Өкмөт бул жолдон жарыкты маал-маалы менен өчүрүп чыгууну тандап алып, алгач алты, андан кийин сегиз, он, айрым жерлерде 14 сааттап өчүрүлө баштаган. Эксперттер жарыкты өчүрүү экономикага терс таасирин тийгизип, даяр бизнестер жыбылып жатканын айтышууда. Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун айтымында, жарык өчүрүлө баштагандан тартып даттануулар да көбөйүүдө.

- Жарыкты маал-маалы менен өчүрүү экономикага бир топ чоң зыян алып келүүдө. Мурда даяр бизнестер бирин-экин сатылса, азыр алардын саны көбөйдү. Анктени, электр энергияны бөлөк энергия менен алмаштыра албайт экенсиң. Ишкер адамдарга бир топ зыян тарттырды. Сырткы инвесторлор эмес жергиликтүү ишкерлер эмки жылы да ушундай жол менен иштесеңер биз бизнести жабабыз деген талабын коюшууда.

Министрдин айтымында, кошуна Тажикстанда энергетикалык жоготуу 17, Орусияда 20 пайыздын тегерегин түзөт. Ал эми Кыргызстанда бул көрсөткүч 36-39 пайызга жетет. Өлкөнүн башкы экономисти энергетикадагы жоготуунун көлөмүнүн көптүгүн белгилеп, жарыкты өчүрүү экономикага чыгым алып келип жатат деген ойдо.

- Биз атайын формула боюнча Кыргыстан үчүн иштеп чыктык. Ага ылайык жарык өчө баштагандан тартып ички дүң продукциябыз алты пайыздын тегерегинде өсүшүн азайтат экен. Бул жети-сегиз тармакты эле карап көргөндө бир миллиард сомго чейин продукция чыкпай калууда дегендик. Демек, ошондон түшө турган салыктар да болбой калып жатат да.

Ал эми экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев жарыкты убагы менен өчүрүү экономикалык, психологиялык, социалдык жактан да кризиске алып келет деп белгиледи:

- Экономикалык кризистин эң негизги көрсөткүчтөрү - жарыкты маал-маалы менен өчүрүү. Жарыкты өчүрүүнү өкмөт кандайдыр бир өздөрүнүн жеңиши, жетишкендиги катары көрсөтүп, графигин толук сактап жатабыз деп мактаныч менен айтып жатат. Мамлекетте башкаруу жоктугун, энергетика системасындагы башкаруу кризисин ушул маал-маалы менен өчүрүү өзү түшүндүрөт. Бул сөзсүз түрдө экономикалык, психологиялык, социалдык жактан да кризиске дуушар кылууда.

Ал эми Корея инвестициялык корунун жетекчиси, экономика илимдерини доктору Жумакадыр Акенеев өкмөт электр энергиясын үнөмдөп баштагандан тартып өлкөгө инвестерлордун келиши солгундаганына токтолду.

- Бул жалпы эле экономикага, анын ичинен инвесторлорго да таасирин тийгизүүдө. Жарыкты маал-маалы менен өчүрүүнү көрүп алып дароо айнып жатышат. Чакан мекеме ачабыз дегендер “силерде жарык стабилдүү бериле баштаганда келебиз” деп, эч нерсе иш жасабай эле кетип жатышат. Иштеп жаткандар да муздаткычтары иштебей, продукциясы бузулуп, зыян тартабыз деп жөн эле жаап коюп кетүүдө.

Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин маалымат катчысы Татьяна Анкудович кышында Кыргызстан жарыксыз калбаш үчүн бардык мүмкүн болгон нерселер жасалып жатканын белгиледи. Анын айтымында, шаарга жылуулук бериле баштагандан тартып жарыкты өчүрүү токтойт.

- Биз электр энергиясын үнөмдөөгө аракет жасап жатабыз. Эгер азыр жарыкты маал-маалы менен өчүрбөсөк кышында Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли өтө түшүп, Кыргызстан таптакыр жарыксыз калышы ыктымал. Келечекте жарыксыз калбайлы деген максатта гана биз мүмкүн болгон нерселерди жасап жатабыз. Ал эми ишкерлер жарык маал-маалы менен өчүп баштагандан тартып эле өздөрү электр энергиясын колдонууну 30 пайызга кыскартышы керек болчу.

Президент Курманбек Бакиев элге болгон кайрылуусунда энергетика крисизине да токтолуп, электр энергиясын уурдоону кескин түрдө токтотууну белгилеген. Ошондой эле бул тармакты менчикке берүүдө бир гана чет элдик инвесторлорго эмес жергиликтүү ишкерлердин мүмкүнчүлүгүн да карап көрүүнү сунуштаган. Өкмөт жакын арада мына ушул сунуштарды карамакчы. Ал эми мурдагы премьер-министр Феликс Кулов баштаган дирекция 2012-жылга 41 кичи ГЭСтерди курууга инвестор тартуу тууралуу оюн айтып чыккан эле. Эгер ушул ойлор ишке аша турган болсо кийинки жылдары жарык “жалп” өчпөй калгысы бардыр...
XS
SM
MD
LG