Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:28

RWB: Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы начарлап баратат


Дүйнө мамлекеттериндеги сөз эркиндигинин абалына баа берип келаткан “Чегарасыз кабарчылар” уюму жылдык баяндамасын жарыялады. Борбор Азия өлкөлөрү бул ирет дагы адаттагыдай эле тизменин төмөнкү жагында турат. Былтыр 110-орунду ээлеген Кыргызстан быйыл эки тепкичке төмөндөп кеткени кабарланууда. Кыргыз медиа адистери да Кыргызстанда соңку жылдары сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кетти деп кабатырланышууда. Анткен менен айрым байкоочулар Борбор Азиянын башка мамлекеттерине салыштырмалуу Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы кыйла жакшы деп айтышууда.

Маалымат айдыңында иш алып барган серепчилер республикада көз карандысыз маалымат каражаттарынын иши чектелип жатканы боюнча тынчсызданууларын байма-бай айтып келишет. Кыргызстанда бир жыл аралыгында эле көз карандысыз “Сентябрь” телеканалы жабылып, “Алиби”, “Де-факто” гезиттери бийликтин кысымы астында өз ишмердүүлүгүн токтотууга аргасыз болду. Журналисттерге жана маалымат каражаттарына доомат артып, сотко кайрылгандардын бардыгы мамлекеттик кызматкерлер же алардын жакындары. Ал эми быйыл кабыл алынган “Телерадиоберүү жөнүндө” мыйзам медиа эксперттердин сынына кабылып отурат.

Медиа өкүл Илим Карыпбековдун айтымында, 2007-жылы журналисттерди токмоктоо фактылары арбын болсо, быйылкы жылы журналисттердин жана ММКлардын административдик жазага тартылышы кадыресе көрүнүшкө айланды. Медиа өкүл өлкөдө сөз эркиндиги жаатында түзүлгөн мындай жагдай жакынкы жылдары оңолуп кетээрине көзү жетпестигин “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди:

-Менин оюмча, жакынкы келечекте, эки-үч жыл аралыгында сөз эркиндигинин абалы жакшы жакка өзгөрүп кетпейт. Себеп дегенде, өлкөдөгү саясий кырдаал, саясий күчтөрдүн тирешүүсүнүн күчөшүн көрүп турабыз. Президенттик шайлоо да келатат, шайлоонун алдында кырдаал курчуйт. Албетте ММКлардын дээрлик бардыгы катуу көзөмөлгө алына баштайт.

“Таза коом” партиясынын тең төрагасы Табылды Акеровдун пикиринде, “Де-факто” жана “Алиби” гезиттерине байланыштуу жагдай бийликти сындаган көз карандысыз басылмалар бийликтин тикенектей курч көзөмөлү астында болуп жатканын ачыктап турат:

- Көз карандысыз эки басылманын мисалында эле алып карасак, ММКлардын коомго таасирин басаңдатуу, бийликти сындагандарды тизгиндөө аракеттери байкалып турат.

24-октябрда оштук журналист Алишер Саиповдун атып өлтүрүлгөнүнө туура бир жыл болот. Жаш журналисттин өлүмүнө байланыштуу ишти кыргыз президенти жеке көзөмөлүнө алганын,аны териштирип чыгууну өз кеңсесиндеги жооптуу кызматкерге табыштаганын айткан эле. Бирок кабарчынын өмүрүнө кимдер кол салганы бүгүнкү күнгө чейин белгисиз.
Кыргызстанда азыр маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүн “Маалымат алуу укугу жөнүндөгү”, “Маалымат каражаттары жөнүндөгү”, “Маалымат жөнүндөгү”, “Телерадиоберүүлөр жөнүндөгү” мыйзамдар жөндөйт. Бирок бир да мыйзамда журналисттин коопсуздугун кепил кыла турган берене жок.

Мунун себебин медиа өкүл И.Карыпбеков мындайча түшүндүрдү:

- Негизги себептердин бири - Кыргызстанда журналист деген кесип даана аныкталган эмес. Мына ошонун натыйжасында журналисттин социалдык жана коопсуздук кепилдиктери тилекке каршы такыр көрсөтүлгөн эмес.

Кыргызстанда сөз эркиндигин абалы тууралуу эл аралык жана жергиликтүү медиа адистердин сын баамын “Ак жол” партиясынан Жогорку Кеңештеги депутаты Бейшенбек Абдрасаков негизсиз деп эсептейт. Депутаттын белгилешинче, Борбор Азиянын башка мамлекеттери менен Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалын салыштырып да болбойт:

Кыргызстан “демократиянын аралчасы” деген атыбыз да, затыбыз да бар. Чет өлкөлүктөр Американын саясатын колдоп эле, ушинтип бизди жаманатты көрсөтүп жатышат. Бирок мындай алып караганда ошол эле Казакстан, Өзбекстанга салыштырмалуу бизде абал жакшы да. Анын үстүнө журналситтин, ММКнын маданияты тууралуу да маселени унутпаш керек. Көптөрү бирөөлөрдүн көрсөтмөсү менен далилсиз эле жамандап жазып жатышпайбы.

Эске сала кетчу жагдай, Социал демократтар партиясынын мүчөсү Эдил Байсалов интернетке шайлоо бюллетенинин сүрөтүн жарыялаганы үчүн куугунтуктоого учурап, азыр чет мамлекетте баш калкалап жүрөт.

Анткен менен “Чегарасыз кабарчылар” уюму сөз эркиндигиинин абалы Кыргызстанга караганда Тажикстанда бир аз дурус деп баалады. Казакстан артка да, алдыга да жылган эмес. Ал эми 162-орунда турган Өзбекстан жана 171-баскычка татыган. Түркмөнстан жылдагыдай эле эң арткы топтогу өлкөлөрдүн катарына кирди.
XS
SM
MD
LG