Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:21

Амирбек Усманов, Прага Талиптер өткөн бейшемби күнү Ооганстандын чыгышында Кандагар-Гермат кан жолунда жүргүнчүлөрдү тарткан автобустун жүргүнчүлөрүн барымтага алышкан эле. Үч күндөн кийин талиптер автобуста бараткан Ооган армиясынын 27 жоокери жок кылынганын маалымдашты. Мына ошол кыргындан качып чыккан Башир деген жигит «Азаттык» радиосуна берген интервьюда талиптердин сөзүн төгүндөп, жүргүнчүлөр арасында бир да жоокер болбогонун айтты.

20 жаштагы Башир азыр Лашкарга шаардык ооруканасында дарыланууда. Лашкарга Ооганстандын Түштүк Батышындагы Гелманд вилаетинин адвинистративдик борбору.

Каргашалуу күнү 26 жүргүнчү түшкөн автобусту Кандагардын Түндүк Батышындагы Вазири кыштагына жакын калганда талиптер токтоткон. Баширдин айтышынча, талиптер жүргүнчүлөрдү чү дегенден эле Ооган армиясынын жоокерлерисиңер деп күнөөлөшкөн.

-Жигиттердин биринин да өкмөткө же саясый топко тиешеси жок эле. Алар Иранда иштеген туугандарына, жумушка орношкону баратышкан. Талиптерге бизди өлтүргөндөн мурда жөн-жайбызды текшерип көргүлө деп сурадык. Бирок алар бизди уккан жок.

Баширдин ырасташынча, автобуста аны менен чогуу Лагмандан Иранга бараткан 24 киши жана дагы эки бейтааныш адамдын бири да аскер адамы болгон эмес.

-Биз жоокер эмеспиз десек, жоокер эмес экениңерди далилдеп бергиле дешти. Бизди үч түн кармап, уруп-кыйнашты. Биздин аскер экенибизди тастыктай албаган соң жергиликтүү губернатордун адамдарысыңар деп айыпташты. Ал сөзү да ырасталбагандан кийин, бизди беш топко бөлдү. Ар бир топту өзүнчө алып кетип, анан атып салышты.

Талиптер туткун мекендештеринин көзүн түн киргенде тазалайт.

-Алар колубузду артыбызга байлап койду да күн отургандан кийин саат 7 ченде биздин топту атууга алып барды. Бизди ата баштаганда мен качтым. Ок бутума жаңылды. Төрт шеригим өлдү.

Кандагар вилаетинин полиция акими Матиулла Хандын билдиришинче, талиптер өлтүргөн жолоочулардын баары 20-25 жаш курагындагы жигиттер болгон. Ал эми талиптердин өкүлү Ооган армиясынын жоокерлери деп аныкталган туткундар жок кылынды аныкталды.
XS
SM
MD
LG