Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:05

10:05 Келерки күрөш динчилдер менен лайык коомду жактагандар ортосунда болушу ыктымал


Келерки күрөш динчилдер менен лайык (светтик)коомду жактагандар ортосунда боло турганын Ноокаттагы, Ала-Букадагы, Баткендеги окуялар көрсөтүп жатат, деп билдирди социал-демократиялык фракциянын депутаты Роза Отунбаева . Депутат БШКнын мурунку төрайымы Клара Кабилова качып, Коопсуздук кеңештин катчысы үй-бүлөлүк башкаруудан кызматтан кетип жаткан чакта, бийлик 2005-жылдын алдыдагыдай өзүнө таандык телеканалдар аркылуу оппозицияны жаманатты кылууга киришүүдө. Экономикалык, энергетикалык кризис бучкактап турганда бийликтин бул аракеттери түшүнүксүз, деп кошумчалады Роза Отунбаева.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG