Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:52

К. Абдымен: “Демократия аралчасы” - эстен чыккан түшүнүк болуп калды


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Саясий серепчи Кубан Абдымен кийинки үч жыл аралыгында Кыргызстанда сөз эркиндиги абдан кейиштүү абалга келгенин “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди. Анын айтымында, басылмаларга жасалган куугунтук күчөп, чет жактарга саясий баш паанек сурап чыгып кеткен журналисттердин саны жетиге жеткени буга далил.

- Кубан мырза, дүйнөдөгү сөз эркиндигинин абалына көз салган “Чек арасыз кабарчылар” уюму жылдык баяндамасын жарыялады. Анда Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу эки орунга төмөндөп, 112-катардан орун алганынан кабарыңыз болсо керек. Сиздин баамыңызда, бул уюмдун Кыргызстанга берген баасы канчалык реалдуу?

- Бул уюм адам укуктарын сактай турган, аны көзөмөлгө алып жүргөн “Хьюман райтс уотч” уюму менен салыштырмалуу журналисттердин абалына көз салып, дүйнөгө өзүнүн жарыясын чыгарып жүргөн абройлуу уюм. Ал уюмдун чыгарган жыйынтыгы бул албетте Кыргызстандагы журналисттердин абалы начарлап баратканынын далили деп эсептелет. Менимче бул жарыядагы Кыргызстанда сөз эркиндигинин төмөндөп кетиши журналисттердин абалынын начарлап баратканын айгинелеген көрсөткүч. Себеби, Кыргызстанда жеке эле журналисттердин абалы эмес, жалпы абал начарлап бартканыдыктан көпчүлүк учурда адам укуктарына, анын ичинде журналисттердин дагы укуктарына, иштеген иштерине, ойлогон ойлоруна терс таасир күчөп бараткандагысы байкалат.

- Бийлик 2005-жылдын 24-мартынан кийин өлкөдө сөз эркиндигине өзгөчө маани берилип жатканын байма-бай айтып келет. Акаевдин бийлиги менен азыркы бийликтин сөз эркиндигине карата жүргүзгөн саясатында кандай айырма бар?

- Айырма чоң деп айтышка болбойт. Мурдагыдай эле бийликтин журналисттерге болгон таасири, өзүлөрүнө пайданы кантип табабыз, сындагандардын санын кантип азайтабыз, бизге каршы оппозициялык маанайдагы журналисттердин таасирин коомчулукка канткенде кичирейтебиз деген эле максат. Ошондуктан мурдагы бийлик менен азыркы бийликтин айырмасы жок деп эсептейм.

-
Буга мисал келтире аласызбы?


- Бул жерде басылмаларды айтсак көп эле мисалдар бар. Бирок мен бир нерсеге кайрыла кетейин. Аскар Акаевдин бийлиги учурунда Кыргызстандан чет жакка саясий баш паанек сурап кайрылган журналисттердин саны аз эле болчу. Акыркы үч жылдын ичинде Кыргызстандан чет жакка чыгып, баш паанек сурап, саясий куугунтук жеп атам деп, жарандык алган журналисттердин саны жетиден кем эмес. Бул абдан чоң көрсөткүч. Андан сырткары “Де-факто”, “Алиби” гезиттеринин куугунтукка алынышы бул үч жылдын ичинде Акаев он беш жылда жасаган иш менен тең болуп жатпайбы.

- Ошол эле учурда бийлик өкүлдөрү Түркмөнстан, Өзбекстанга салыштырмалуу сөз эркиндиги Кыргызстанда бир топ жогору деп айтып келишет. Мындай салыштырууга сиздин көз карашыңыз кандай?

- Эми муну салыштырганга эч нерсе таппагандай эле, атайын эч нерсени көрбөгөндөй эле саясаттын бир көрүнүшү деп эсептейм. Эгерде биз өзүбүздүн эркиндикти, демкоратияны, сөз эркиндигин бийик деңгээлге чыгарабыз деп аракет кылсак анда Борбор Азия мамлекеттери менен эмес, жок эле дегенде азыр өнүгүп бараткан, адам укугун, сөз эркиндигин сыйлаган Балтика боюндагы өлкөлөр менен салыштырганыбыз жөндүү болмок. Мурда Борбор Азияда Кыргызстан “демократия аралчасы” деп аталып келсе, чындыгында 24-марттан кийин демократиялык аралча деген сөздү айткан киши жок. Айта турган адамдар ошо демократиялык аралча дегенге кызыккандар гана болуп жатат. Ошодуктан бул журналисттердин арасында дагы эчактан бери эстен чыккан түшүнүк деп айтсак болот.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG