Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:39

“Жерүй” алтын кени өткөн кылымдын 80-жылдарында эле ачылган. Кыргызстандагы “Кумтөрдөн” кийинки эң ири алтын кенди иштетүү кыйла жылдардан бери кечеңдеп келатат. Бул ирет “Жерүйалтын” кен компаниясынын айланасында уулуу зат калдыктарын сактоочу көлдү кайсы жерге куруу талашы жайылууда.

“Жерүй” алтын кенин иштетүүгө кызыкдар компанияларды санап чыгуу деле кыйла убакытты алар эле. Эгемендиктин алгачкы жылдары Кыргызстандагы “Кумтөрдөн” кийинки эң ири эсептелген алтын кенин иштетүүгө америкалык, андан соң канадалык “Камеко”, ага улай австралиялык “Норокс”, соңунда британиялык “Оксус” компаниялары кызыгып, айрымдары азыноолок иш баштап, калганы андай аракет жасабай эле ат тизгинин бурушкан.

Сааты чыкпаган иштин жылдан-жылга кечеңдеп келатышына кыргыз өкмөтү, жергиликтүү калк деле көнүп калды окшойт. 2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин өкмөт британиялык “Oxus Resources” компаниясын лицензиясынан ажыратып, уруксат кагазды австриялык “Global Gold” компаниясына берген. Ал компания ишин баштап-баштабай казакстандык “Visor Holding” инвестициялык компаниясы менен биргелешип дагы бир жаңы түзүм негиздеп ийишкени өткөн жылы жарыя кылынды.

Биртоп иштерин жасашка үлгүргөн британиялык компания лицензиясынан ажыраганына ичи күйүп, эл аралык арбитраждык сотко кайрылып, моралдык тарткан чыгымдары үчүн 300 миллион доллар айыппул өндүрүп берүү талабын койгон. Антишке кыргыз менен Британ өкмөттөрүнүн ортосундагы инвестицияларды коргоо жөнүндөгү келишим негиз берген.

Бирок да быйыл май айында тараптар ымалага келишкенин жарыя кылып, “Оксус” моралдык тарткан чыгымдарын кыргыз өкмөтүнөн өндүрүп алганын маалымдап талашка чекит коюлган. Лондондогу арбитраждык сотко кеткен ыгым-чыгымдарды “Жерүйалтын” жабык акционердик коому төлөп бергенин компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы Франс Шлоссер “Азаттыкка” берген маегинде ырастады.

- Жалпысынан мына ушул соттук териштирүүлөр долбоордун ишке ашырылышын кечеңдетти. Тийиштүү маалыматтар мурдагы инвестордо болчу. Алигече алар маалыматтарды бизге берише элек. Башкача айтканда, инвестор компания башкага сатылгандан кийин да маалыматтарды бербей койду. Ошондуктан 10 ай ичинде биз мурдагы иштерди кайрадан кайталоого аргасыз болдук. Май айында “Жерүйалтын” өкмөт менен мурдагы инвестор ортосундагы соттук талаштар токтолгонун жарыя кылды. Биз соттук талашты токтотуш үчүн ага кеткен ыгым-чыгымдарды жаап бердик.

Анткен менен азырынча соттук ыгым-чыгымдар компания менен кыргыз өкмөтү үчүн канчага турганы жабык сыр бойдон калууда. Ф.Шлоссер мырза да андай жашырын сырды айта албастыгын билдирди.

“Жерүйалтын” жабык акционердик коомунун жетекчилиги эгер иш азыркы ыраатынан жанбаса эмдиги жылдын аягында алтын кен комбинаты ишке киришип каларын айтууда. Алардын ырасташынча, соттук териштирүүлөр, жол тосуулар болбогондо комбинат курулушу эртерээк бүтүшү мүмкүн эле. Азыр болсо алтын кен комбинатынын курулушунан да маанилүү маселе – уулуу зат төгүндүлөрүн кайсы жерге топтоо талашка түшүүдө. Британиялык “Оксус” компаниясы уулуу зат төгүндүлөрүн комбинаттан алыс, Талас районундагы Бекмолдо айыл өкмөтүндөгү эки айылга жакын жерде жайгаштырууну көздөгөн.

“Жерүйалтын” компаниясы уулуу зат төгүндүлөрүн башка жерге өйдө жакка жайгаштырууну көздөөдө. Бирок да Кыргызстандын геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиги, көпчүлүк экологдордун жактыруусуна ээ болгон долбоор тууралуу жергиликтүү элдин пикири аркыл.

Уулуу зат төгүндүлөрүнүн бийик жерге курулушуна Кыргызстан тоокенчилер ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшев да каршы.

- Бул мурун эле башталган. Жаңы башталган долбоор болчу. Суунун башында болуп калганы коркунучтуу деп ал ылдый түшүрүлгөн. Төмөн жактагы дээрлик бүтүп калган. Ал жер хвостохранилище үчүн ыңгайлуу, коркунучсуз жер. “Оксус” куруп жаткан. Анан аны эмне үчүн ала коюшту, эмне үчүн өйдө көтөрүштү, мен аны такыр түшүнбөй жатам. Мен алардын жаңы тапкан чечимине каршымын.

О. Дүйшеев алтын кен калдыктарынын айылга жакын жайгашынан чочулабаш керек деген пикирде. Анын ырасташынча, цианид уусунун калдыгы 15-20 жылдан кийин жоголуп, зыянсыз жерге айланып калат.

- Анын үстүнө эгин айдаса да болот. Эч нерсе болбойт. Менин оюмча, булар долбоорду кымбаттатыш үчүн, куруп бүткөнчө алыстатыш үчүн жасап жатат. Менин буларды курулушту бүткөрүп ишке киргизет деген оюм жок.

Мындай кескин бүтүмгө келишин Орозбек Дүйшев австриялык “Глобал Голд” компаниясы өзү ээлик кылган 60% акциясынын тең жарымын казакстандык “Визор Холдинг” компаниясына сатып ийгендигине байланыштуу түшүндүрөт.

Борбор Азия чөлкөмдүк экология борборунун менеджери, профессор Эмил Шүкүров уулуу зат калдыктары чогулчу көлдүн айылга жакын же тоо арасында жайгаштырылышы тууралуу эки ача пикирлердин чыгып жатканына токтолуп, өз пикирин мындайча билдирди.

- Эң жакшысы ал жерге барып экөөн тең көрүш керек. Мен ал жерде болбосом мүмкүн менде де күмөн саноо болмок. Төмөнкү уулуу зат төгүндүлөрү жыйналчу жер тар. Өрөөн менен агып жаткан сай оголе көп агынды-шилендилерди топтоп коюптур.

Эмил Шүкүров сай менен агып келген агынды-шилендилердин көптүгү ал жерде сел жүрүп турарын көрсөтөт дейт.

- Селдин натыйжасында гана ушунчалык көп масса чогулат. Анан түз капчыгайды мен мылтыктын оозу менен салыштырдым. Кези келсе капчыгай чогулган массаны төмөнгө агызганы туру. Сел болбосо деле бул өзү уулуу зат төгүндүлөрүн сакташ үчүн опуртал жай. Ага жасалчу тосмо борпоң кыртышта жакшы турбайт.

Эмил Шүкүров мурунку долбоорлор терең илимий изилдөөлөрсүз, кыртыштын абалы кандайлыгы эсепке алынбай жасалганын кошумчалады. Анын айтуусунда, талашка түшүп жаткан эки долбоордун айырмасы жөнүндө жергиликтүү калкка жетиштүү маалымат берилген эмес. Окумуштуунун болжолунда, төмөнкү жерге уулуy зат төгүндүсүн жайгаштырууга кызыкдар адамдардын коопсуздукка караганда жекече кызыкчылыгы көбүрөөк.

- Ошон үчүн аны тезинен айдоо жерлер категориясына өткөрүшкөн. Чынында ал айдоо жер эмес, - дейт Э.Шүкүров.

“Жерүйалтын” жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Франс Шлоссер уулуу зат калдыктарын топтоочу эки участоктун бирөөн тандап алыш үчүн илимий изилдөө жүргүзүлгөнүн, окумуштуулар менен адистердин пикирин эске алып, тоо арасындагы жогорку участок тандалып алынганын айтат.

- Өйдө жактагы биз уулуу зат төгүндүлөрү топтолчу жер катары пайдалана турган участокту адистер жактырган. Алардын бүтүмү боюнча өйдөңкү участокто сyу көп топтолбойт, кыртышы бекем. Ал жерден булактар чыкпайт. Анан да капчыгайдан жайгашуусу, кыртыштын бекемдиги уулуу зат төгүндүлөрү сакталчу бекем курулушту жүргүзүүгө негиз берет. Андан тышкары биз жаратылышты коргоочулар, экологдор менен да иштешип, алардын бүтүмүн сураганбыз. Эксперттердин баарынын пикири бир чыгып, жогорку участок ылайыктуу деп табылды.

Ф.Шлоссер өйдө жакта курулчу уулуу зат калдыктары чогулчу жай Кара-Ой айылынан 30 чакырым алыстыкта жайгашарын, ушу тапта “Жерүй” алтын кен курулушунда 400 ашуун киши, иш күчөгөндө алардын саны эки эсеге көбөйөрүн маалымдады.

“Жерүйалтын” жабык акционердик коомунун 60% акциясы австриялык жана казакстандык компаниянын ээлигинде. Калган 40% акцияга “Кыргызалтын” акционердик коомунун энчисинде. Алтын кен ишке киргенден кийин компания Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жыл сайын 3 миллион доллардан төлөп турмакчы. Алтын кендин 70 тоннадан ашуун запасы бардыгы аныкталган.
XS
SM
MD
LG