Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

12:10 Р.Отунбаева: Министрлердин деңгээли төмөн


Жогорку Кеңештин депутаты Роза Отунбаева мындай пикирин Адилет министри Нурлан Турсункулов парламентте депутаттардын алдына чыгып сүйлөгөндөн кийин билдирди. Социал-демократтар фракциясынын өкүлү Р. Отунбаева Адилет министри Жогорку Кеңешке алгачкы жолу келип жатканын белгилеп, бирок, атайын даярданып келбегенин сынга алды. Депутаттар берген суроолор өтө маанилүү экенин айтып, докладга орусча даярданып келгенин, даяр эмесмин деп айтканын уяткарды. “Министрлер жогорку деңгээлде болушун каалайт элем. Сырт жакка чыкканда деле министрлер так, туура жооп берсе биздин өкмөт ушундай дегенге жакшы экен”,- дейт Роза айым. Ал эми “Ак жол” фракциясынын өкүлү Кубанычбек Исабеков да баяндамачылардын дээрлиги даяр эмес келерин белгилеп, бул модага айланып баратат деген оюн айтты. “(КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG