Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:04

13:15 “Ак Жол” фракциясы: энергетикадагы жагдай боюнча депутаттык комиссия түзүүнүн кажети жок


Убактылуу депутаттык комиссия түзүү демилгесин Социал-демократтар фракциясы көтөрүп чыккан болчу. Бүгүнкү парламент отурумунда “Ак жол” фракциясы бул демилгени колдогон жок. СДПК фракциянын төрагасы Бакыт Бешимовдун пикиринде, энергетикадагы чыныгы жагдайды депутаттык комиссия эки айдын ичинде терең изилдеп чыгуусу зарыл. “Суунун аздыгы, кыштын сууктугу энергетика тармагындагы кризистин башкы себептери эмес экени изилдеген материалдар көрсөтүүдө”,- дейт Б.Бешимов. Ал эми “Ак жол” фракциясынын өкүлү Ажыбай Калмаматов, өкмөттүн ноябрь айында энергетика тармагындагы абал тууралуу отчетун уккан соң бул маселени карап көрүүнү, бирок комиссия азыр түзүлсө өкмөттүн ишине жолтоо болот деген оюн билдирди. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG