Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:15

Европалык парламент Орусия менен жаңы алака түзүүнүн жолун издөөдө


Муса Мураталиев, Москва Страсбургдагы Европалык парламентте ушул шейшембидеги кеңири талкууда Орусия менен Евробиримдиктин мындан аркы алакасы талкууланды. Депутатардын айрымдары Москва менен байланышты үзүүгө болбойт дешсе экинчилери – Орусиянын Грузияга ачкан согушун унутууга болбойт дешкен. Бирок Европа азыркы тушта Орусия менен байланышта болууга экономикалык чөйрөдө, айрыкча энергетика кубатын өндүрчү отун боюнча кыйла эле муктаж экенин эске алышып Москва менен сүйлөшүү жүргүзүүнү улантып, анын жыйынтыгы боюнча кайра келишим түзүү бүтүмүнө келишкен.

Эки саатка созулган талкууда Орусия менен кызматашуунун жана өнөктөштүккө өтүүнүн жаңыча жолун издөөдө Еврокомиссияда тышкы байланышты тейлөөчү Бенита Ферреро-Вальднер айым: «Орусиянын чукулда Грузия менен болгон согушу, канткенде да, ал өлкө менен Европарламентинин алакасын кайра карап чыгууга түрткү болду. Анда анын Түштүк Осетия менен Абхазияны эегемен деп таанып, аны Грузиядан бөлүп алуу аракетин туура деп тапкандык болор эле» деген.

Андан ары Бенита Ферреро-Вальднер жакында өз таасирин жайылтуу шаанидеги Москванын ачыктан ачык жарыя кылган тышкы саясатындагы принциптерге макул эместигин айткан.

Москванын Тбилисиге каршы согуш ачуусунан соң Евробиримдиктин ал өлкө менен болуп келе жаткан мамилесин олуттуу түрдө кайра карап чыгуу демилгесин Польша, Балтика боюндагы өлкөлөр, Улуу Британия жана Швеция делегациялары көтөрүшкөн. Алардын каршысында Франция, Германия баш болгон Батыш Европалык өкүлдөр Евробиримдигин түзгөн мамлекеттер күнүмдүк жашоо-тиричилигиндеги кызыкчылыкты бетке кармашып, Москва менен ымаланы бузбоого чакырышкан. Ал мамлекеттер өкүлдөрү: «биз москванын көгүлтүр отунуна таңкыс гана эмеспиз, биздин Орусияга кошуп аткан байлык да аны таңкыс кылууда, эмне дегенде анын жалпы инвестиясынын 80 пайызы Евробиримдигине кирген мамлекеттерден барып атат» - дешкен.

Талкуу үстүндө депутаттардын бул маселени баалоодо эки тарап болуп бөлүнүп кеткенин Румыниядан барган делегат Мирча Паску айтат:

- Энергетика, коопсуздук, тынчтыкта жанаша жашоо - ушунун баары биз үчүн бирдей бааланууга тийиш. Бирок Орусияга калганда Евробиримдикте эки тараптуу алака менен иш алып баруу эмдигиче өкүм сүрүүдө. Батыш европалыктарга караганда биз, Чыгыш европалыктар Москва менен жакалашууга кызыктар эмеспис. Эмне дегенде биз эң алды болуп, кезегинде башыбыздан өткөндөй андан жеңилүүгө дуушар болобуз.

Талкуунун акырында парламенттин мүчөлөрү кезектеги Орусия-Евробиримдик саммити алдында, так айтканда, 10-ноябрда атайын чогулуш чакырып, Орусия менен мындан аркы алакасынын жаңы шарттарын иштеп чыгууну макулдашуу менен таркашкан.
XS
SM
MD
LG