Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:00

Ушул айдын он биринде Көлдүн чыгыш ныптасындагы айтылуу Каркыра жайлоосуна танапташ жерде “Манаска таазим” элдик жөрөлгөсү өттү. Тарыхый-маданий иш-чаранын максаты - улуттук каада-салт, тарыхый баалуулуктарды сактоо, жаңы муунга өткөндүн сабактарын эстетүү болчу. Ошол иш-чаранын катышуучулары “Азаттыктын” студиясына келишип жөрөлгөнүн жөн-жайын айтып беришти.

- Гүлсара айым, түлөөнүн максаты тууралуу айта кетсеңиз. Буга чейин деле ушундай иш-чаралар өтүп келген. Анын натыйжасы болуп жатабы?



Гүлсара Мамбеталиева: - 1995-жылкы «Манастын» 1000 жылдыгында Каркырада ушундай иш-чаралар өткөн экен. Биздин түлөө андан башкача. Азыр дүйнө өзгөрүп, заман өзгөрүп жаткан чакта биз ата-бабаларыбыздын дүйнө таанымына кайрылып келдик. Себеби биздин ата-бабалар табият менен шайкеш жашаган. 11-октябрда Түп районундагы Корумду айылында ушундай иш-чара өткөрдүк. Ак боз бээ чалып, кыргыз түпкү бабасы, айкөл баатыры Манас атабыздын арбагына таазим эттик.

Эмне үчүн бул иш-чараны Каркырада өткөрдүк? «Көкөтөйдүн ашы – көп чырдын башы». Кыргыздын ыркы кеткени ошондон башталган экен. Ошол ашта Манас атага да алгач кабар бербей коюшкан. Бирок ашка келген кытай, калмактар кыргызды тебелеп кетерде түнү менен Манаска кабар беришип, ашка чакыртышкан. Манас атабыз чатакты басып аш мыкты өткөн.

- Жоомарт мырза, ушундай иш чаралардын натыйжасы кандай болууда? Ал элдин арасында колдоого алынып жатабы?



Жоомарт Кадыралиев: - Кыргызда “жалпы түбөлүк” деген түшүнүккө жалгашкан түпкүлүктүү сөздөр бар. «Арбак коомбосо – тирүү мөөнбөйт» деген сөз бар. Мына азыр 20-кылымдын аягы, 21-кылымдын башында “тарыхый Ата Мекен” деген түшүнүк пайда болду. Орустар, немистер өз жерине кетип жатышат. Ушуну менен 21-кылымдын жүзү, дидары ачыла элек. Ар бир жер үстүндөгү цивилизациялар, элдер, мамлекеттер көп нерселерди оодуруп, которуштурганда ар бир доорлордон, кылымдардан келечекке өтө бир жөнөкөй сөздөр калат.

Атабыз Манастан калган «Малым менен жанымды бергенче туунбай туна чөгөйүн» деген сөз кыргыздын жанына, канына тумар болуп, код болуп сакталып калган. Бул каныбызда жашай бермекчи. Себеп дегенде кан илиминдеги акыл шифри, коду ачылып бүтө элек.

Алтай, Каңгайдан тиги Орол суусуна чейинки улуу кыргыз каганаты тууралуу элдин көбү билет. Айылга барсак жөнөкөй кыргыз аялдар, эл «кыргыз цивилизациясы» деген сөздү айтып калышыптыр. Атам Манастын «Малым менен жеримди бергиче туyлбай туна чөгөйүн» дегени бир сөз. Чыңгызкан айткан «Корксоң – баштаба, баштасаң – коркпо» деген сөз бар.

Биздин учурда жашап кеткен Түгөлбай абанын «Мен миң жыл жашадым» деген сөзү бар. Бул да өзүнчө код. Мына азыр 5 миллион кыргыздын миллиону чет жерде. 600 миңи Орусияда паспорт алып калышты. Дагы 300 – 400 миң алганы атат. Минтип кыргыздын тарап атышынан коркпош керек. Бул Кудай талаанын амиринен кыргыздардын тарыхый Ата Мекенине барып, ошол жерден өнүп-өсүп көбөйүү жагдайына туш келдиби дейм да.

Сыртка кеткенин кошкондо кыргыздын саны 5 миллион эл болуп жатса, анын акылын, кыялын бакканга азыркыдай кысталыш кырдаалда кыргыз да асмандагы жылдыздай болуп жер үстүндө көбөйсө, мисалы, 10 миллион, 30 миллион, 40 миллион, 100 миллион болуп калса анда кыргыз баласын кантип багабыз? Ушул маселе мени көп ойлонтот. Эки дүйнөнү бир тутуу боюнча иш, чагымда, өз максатына жеттиби деп ойлойм.

- Кадыр мырза, миллиондой кыргыз чет өлкөдө жүрөт. Элдин агымы дагыле тыйыла элек. Мына ушундай шартта элди сактап калуунун жолу барбы? Ушундай түлөөлөрдүн натыйжасы болуп жатабы?



Кадыр Кошалиев: - Чындыгында бул азыр килолоп өлчөнбөй турган, убактысы келгенде натыйжасын берип өнүп чыга турган чоң руханий иш-чаралар деп ойлойм. Кысталыш кырдаалда же улутту ынтымакка чакырган чакта кыргыз эли түлөө өткөргөн. Бул иш «Манаска таазим – улттук биримдик үчүн!» деп аталат. Эл жаңы идеяларды, рухий жаңыланууларды күтүп калыптыр. Ошол Корумдуда «Манас» угушуп, баталарын беришип, ал жерден биз улуттук биримдикке келүүнүн учкундарын көрө алдык.

- Гүлсара айым, бул иш-чаранын натыйжасы жакшы болду, анын ийгилиги бүгүн болбосо кийин сөзсүз болорун айтып жатасыздар. Улуттук биримдикке келүүнүн кандай жолдору бар? Кыргыз кичинекей эл болгону менен ичара бөлүнүп турат. Андан чыгуунун жолу барбы?

Гүлсара Мамбеталиева: - Биз ал жерге барып Көкөтөй атанын ашынан башталган кыргыздын ынтымаксыздыгынын энергиясын тазалап келдик. Мындан кийин биримдикке келүүнүн жолун тазаладык. Руханий энергетиканын жолун тазаладык. Мындан ары биз бириге алабыз, биз биригебиз деген менин тилегим бар.

- Жоомарт мырза, сиздин пикир.

Жоомарт Кадыралиев: - Чыгармачылык иш боюнча мен Алтайга, Каңгайга, Монголияга, Кытайга баргам. Кыргыз кыйырын кыдырып келгем. Анан бул жерде сиз туyра эмес сөз сүйлөп койдуңуз окшойт, «кичинекей эл» деп. Кичинекей эл болбойт. Мен жана сөз башында айтпадымбы кыргыз Алтай, Каңгайдан баштап Орол суусунун боюна чейин болгон деп. Миллион, миллиард сөөктөрү жатат. Ошого байланыштуy биз эч качан кичинекей эл деп айтпашыбыз керек. Антсек биз кичинекейликтин аурасын чакырабыз. Мына биз Кайнар-Булакка барганда бир нур “жарк” этип көрүндү. Табиятты жөн эле материалдык дүйнө катары карабаш керек. Табият бизден акылдуу, жандуу болот экен. Биз барганда ошол белги болду. Кайып дүйнөсү деп жатпайбызбы. Кыргыз материалдык байлыктан рухийликти жогору койгон. Ушуга байланыштуу мен ынтымак, биримдик доору башталды деп айтар элем. Аны коркпой-үркпөй жана Чыңгызкан айткандай алып кете турган доор башталды.

Биз “чачылды, элдин көбү сыртка кетти” деп жатпайбызбы. Эми ошол чачылгандын жыйналуу доору башталат. Чачылганды жыйноо доору башталат. Бул ааламдын, табияттын мыйзамы. Эч коркпош керек. Ошон үчүн биз айта турган сөзүбүздү айтышыбыз керек. Кыргыз көбөйөт. Алтай Каңгайдан, Сибирге баргандардын тукуму көбөйөт. Ошолорго кандай акыл айтышты эмитен ойлонушубуз керек. Ынтымак, биримдик качпайт. Мына ал башталды.

- Кадыр мырза, мына сиз аралашкан иш-чараларды карапайым калк кандай кабыл алды?

Кадыр Кошалиев: - Бул иш-чарабыз Каркыранын Чоң-Туз деген жеринде өтүшү керек эле. Каркыра биртоп саясатташып калгандыктан кооптонушуп ал жерге бизди киргизишкен жок. Менин айтайын дегеним, мына ошол арбактарга таазим, тирүүлөргө ынтымак каалаган ошол жыйында биртоп жакшы ойлор, сунуштар айтылды. Мына август айынын орто ченинде Манастын oн күндүгүн өткөрүп туруу сунушу айтылды. “Ошондо ал элге жакшы сиңет эле” деген сөз айтылды. “Манастаануу, кыргызтаануу” сабагын билим берүү системасына киргизүү сунушу айтылды. Анан Манас атанын ашы бериле элек экен. Миң жылдык башка. Манас атанын ашын кыргыз салтына ылайык берсек ушул да кыргыздарды бириктирет эле деген ой айтылды.

Улуттук идеологиябызды, руханий баалуулуктарыбызды табалбай кыйналып жатканыбыздын жөнү ушу бүгүн сезилип жатат. Аны биз алыстан издешибиздин кажаты жок. Ал Манаста, тилибизде, каада-салтыбызда, башка баалуулуктарыбызда жатат. Ошону тизмектеп элдин кан-жанына сиңерлик кылып бере алсак ушул жугумдуy болор эле. Ушул нерсе элге жетишпей жатканын көрүп эле жатабыз. Бирок да айрымдар бизди артка кетип жатат деп кине коюшууда. Албетте, цивилизация менен тең арышташыбыз керек. Анткен менен өзүбүздүн улуттук баалуулуктарыбызды билбесек, улуттук дөөлөттөр менен сугарылбасак алдыга жыла албайбыз.

- Жоомарт мырза, мына сиз эл сүрөтчүсү, таланттуy художниксиз. Бул жерде элдин рухий жакырланышы деген сөз айтылып кетти. Ал эмнеден улам болуп кетти?

Жоомарт Кадыралиев: - Бул өзү өтмө доордо болчу нерсе. Жакшылык болордун алдында жамандык болот дейт. Манас бабабыздын баянын эми жаңы формаларда, заманбап ыкмаларда беришибиз керек. Азыр жаштар китепке караганда компютерге көбүрөк убакыт коротуп жатышат. Манас бабабыздын баянында ар бир сөздүн коду, шифри, ачкычы бар. «Асман менен жериңдин Тирөсүнөн бүткөндөй» деген сөз бар. Ал жөн эле апыртуу эмес.

Мен ойлоп көрсөм Манас бабабыздын төрөлүшүндө ааламдан келген, Теңирден келген, Эгеден келген, Кудай таала тарабынан беpилген денесиндеги өзгөчө касиет. Бул жер менен башка планеталардын ортосундагы магниттик тартылуу. Ошондуктан Манас бабабызды тарыхый инсан катары алып чыгуунун да доору келип калды. Илимде негизделген, жалпы адамзат кабыл алган “пассионардык” деген түшүнүк бар. Ошону кыргыздын “оомат” деген сөзү так чагылдырып турат. Кыргыз миң жыл мурун эле аны “оомат” деп атап койгон экен. Интеллект ошентип кыргызга миң жылдар мурун эле келген экен.

- Урматтуу коноктор, келип курп берген маегиңиздер үчүн чоң ырахмат!

XS
SM
MD
LG