Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:20

Бүгүн парламенттеги социал-демократтар жана коммунисттер фракциялары суу-энергетика тармагын иликтөө боюнча көз карандысыз комиссия түзүү сунушу менен чыгышты. Бирок бул демилге “Ак Жол” фракциясынын мүчөлөрүнүн каршылыгы менен өтпөй калды. Өкмөт болсо өлкөдөгү энергетикалык кризиске карабай кышка даярдык жакшы жүрүп жаткандыгын белгилөөдө. Бирок ошол эле учурда 9,5 млрд метр куб гана суу бар Токтогул ГЭСинин абалы, отун-көмүрдүн баасы асмандап жаткан учурда кышка даярдыктын чыныгы деңгээли кандай, деген суроолор пайда болууда.

Кыргызстандагы суу-энергетика кризиси тармактагы коррупцияга байланыштуу чыгып жатат. Бул тууралуу бүгүн парламент депутаты, социал-демократтар фракциясынын лидери Бакыт Бешимов баса белгиледи.
Анын айтуусунда тармак бир нече жылдан бери кылмыштуу “энергомафия” тарабынан башкарылып жаткандыктан, бүгүнкүдөй кырдаал түзүлүп отурат:

-Суу-отун-энергетика тармагы боюнча мен чогулта алган бардык материалдар бүгүнкү кризистер суунун аздыгынан же кыштын сууктугунан болуп жатпагандыгын айтып турат. Өз ишине шалаакы, ат үстүнөн, кээде кылмыштуу мамиле жасаган бир нече адамдардын айынан карапайым эл гана жабыркап атат. 2006-жылкы өкмөт тарабынан түзүлгөн комиссиянын маалыматы менен таанышып көргүлө. Ал жерде бир нече кылмыш ишине негиз болуучу маалыматтар жатат. Бирок таң калычтуусу бул маалыматты Башкы прокуратура алып, ошол бойдон ың-жыңсыз калган. Өкмөттүн кароосуна да коюлган эмес, эч кандай тийиштүү чаралар да көрүлгөн эмес.

Минтип белгилеген депутат бул тармакты кайра иликтөөгө алуу үчүн социал-демократтар жана коммунисттер фракциялары тарабынан парламенттик комиссия түзүүнү сунуштады. Бирок депутаттын сунушуна “Ак Жол” фракциясынын мүчөлөрү бир беткей каршы чыгышты. “Акжолчу” депутат Ажыбай Калмаматов бул маселе боюнча өкмөттүк комиссия иштеп жаткандыгын белгилеп, алардын ишине тоскоолдук кылбоо керек, деди:

-Ноябрга чейин биз өкмөткө убакыт бергенбиз. Алар бул аралыкта кышка даярдык тууралуу иштеп, бизге өздөрү маалымат беришет.

Социал-демократтардын пикирин коммунисттер да колдоого алышты, бирок сунушту добуш берүүгө койгон учурда суу-отун-энергетика тармагынын ишин иликтөөгө алуу үчүн парламенттик комиссия түзүү тууралуу демилгеси өтпөй калды.

Жакында эле кыргыз өкмөтү Борбор Азиядагы коңшулар менен кыш мезгилинде жаратылыш газын, мазут, көмүр жана электр энергиясын өз убагында жеткирүү боюнча макулдашууга жетишкенин жарыялады. Айрым адистер болсо быйылкы кышка карата даярдык жакшы, деп өкмөт бекемдегени менен чыныгы иш жүзүндө андай эмес экендигин айтышууда.

Муну ушул тапта Токтогул суу сактагычына топтолгон суунун өлчөмү тууралуу маалыматтар ачыктап турат, дешет алар. Атын жашыруун калтырууну каалаган адистин “Азаттыкка” айтканы боюнча өткөн жылы күзүндө суу сактагычтагы суунун көлөмү 13 млрд метр кубдан ашуун болчу, ал эми апрель айына карата суу сактагычта 6,5 млрд метр кубга жетпеген суу калган. Азыркыдай суунун көлөмү менен Кыргызстан энергетика жаатында кыштан чыга албайт, жазга барып биз ГЭСтен ажырайбыз. Ал эми электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү элди жүдөтүп, экономикага терс таасирин тийгизүүдөн башка пайдасы жок, мындай ыкма менен тескерисинче энергетика тармагына зыян гана келтирип алабыз, дейт биздин маектеш.

Кыргызстандагы суу-энергетика кризиси –суунун аздыгынан же кыштын катаалдыгынан эмес, тармакты туура эмес башкаруудан болуп жаткандыгын КР эмгек сиңирген энергетиги Райымбек Мамыров да “Азаттыкка” бекемдеди:

-Биз эмес, мына Дүйнөлүк Банктын бул жердеги өкүлү айтпадыбы: кризиске келүү себеби –гидроресурстарды туура эмес башкаруудан болду, деп айтты. Сууга байланыштуу болду, суу азайып калганынан ушинтип кризиске кептелдик, деп айтуу туура эмес.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG