Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:30

А.Мамараимов: Алишердин өмүрүн кыйгандарды издөөдө аракет байкалбайт


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Мындан бир жыл мурда, 24-октябрдын кечинде Ош шаарында “Сиёсат” гезитинин башкы редактору, 26 жаштагы Алишер Саипов атып өлтүрүлгөн эле. Андан бери туура бир жыл убакыт өтсө да бул кылмыштын бети ачыла элек. Маркум Алишер Саипов менен учурунда чогуу иштешип калган жалалабаттык журналист Абдумомун Мамараимов “Азаттыктын” таңкы түз обосунда ушул окуянын тегерегинде кеп салды.

- Тартип коргоо органдарынын ушул кылмыштын бетин ачуу боюнча аракетине кандай баа бересиз?

-
Адилеттик үчүн айтып кетиш керек, буюртма киши өлтүрүүлөрдү ачуу өтө оор. Орусиядагы Листьев, Политковская сыяктуу таанымал журналисттердин өлүмү боюнча кылмыш иштери да ачыла элек. Орустар айтмакчы, "жаман натыйжадагы натыйжа",- деген сөз бар эмеспи. Жаман натыйжа деп айтканымдын себеби, бизде укук коргоо органдарынын эң биринчи жасаган аракеттери таң калдырат. Айрыкча биз алардан маалымат сураганда, тергөө иштерин маалымдай албайбыз деп маалымат беришпейт. Бул иш боюнча болсо кичине убакыт өткөндөн кийин эле, жар салышып, Алишердин компьютеринен табылган ар кандай документтер боюнча айтып, “Хизб-ут Тахрирге” байланышы бар деген тыянак менен маалымат беришпедиби ММКларга. Ошол нерселерди алар жашырып, тергеп бүткөнгө чейин иликтеп туруп, жакшы анализдегенден кийин, натыйжасын билип туруп анан айтышы керек эле. Ошондон кийин булар атайын ошого алып барып туруп бул кылмышты бизден жашырганга аракет болуп атат деген ойго бардык. Натыйжада азыр ошого жараша болуп атат да. Мына мамлекет башчысы, ички иштер министри өздөрү жеке көзөмөлгө алдык дегенине карабастан, журналисттер пикетке чыгып, ошону эскертмейинче өздөрү аракет кылбагандай сезилип калды. Пикет уюштургандан кийин, анан алардын бирөө чыгып маалымат жыйынын уюштуруп, маалымат тарата коет, ошону менен азыркыга чейин ачылбай келатат.

- Айрымдар Алишердин өлүмүнө анын журналисттик кесиби себеп болгонун айтышууда. Сиз аны менен бирге иштешкен кесиптеши катары айтсаңыз, Алишер негизинен кайсы темалар боюнча курч макалаларды жазган эле?

-
Биринчи айта кетчү нерсе, ал “Америка добушу”, “Азаттык” сыяктуу радиолордо өзбек бөлүмүндө иштеген. Ошон үчүн көбү билбегендей болуп калды. Айткандар болду билбейт экенбиз деп. Анын темалары негизи адам укуктары жөнүндө болчу, диний, этникалык темаларды көп чагылдырчу, айрыкча Өзбекстанга көңүл бурчу эле. Негизги угармандары өзбек тилдүү болгону үчүн, өзбектер көп маалымат алчу. Айрыкча Анжиян окуяларынан кийин, качкындар боюнча аябай көп маалыматтарды берди. Ошондуктан баягы сөз пайда болбодубу, буюртма бергендер Өзбекстан тараптан деп. Жасаган материалдары жакпаган үчүн Өзбекстан тарап буюртма берип атып өлтүрдү деген сөз да ошондон келип чыкты деп ойлойм.

- Алишердин өлүмүнөн кийин Оштогу, Жалал-Абаттагы журналисттерге коркутуп-үркүтүүлөр болгон жокбу? Журналисттердин коопсуздугуна кандай көңүл бурулууда?

-
Андай деп айтканга болбосо керек. Анткени ар бир журналисттин иши өзүнө жараша болот. Мисалы азыр бардык журналисттер ошондой курч материалдарды берип атат деп айткандан алысмын. Айрыкча аймактардагы журналисттер. Бирок негизинен жалпылап айтканда, мурдагыга караганда азыр иштеген оорурак болуп калды деп айтса болот.

- Оштогу журналисттер Алишерди эскерүү иш чарасын өткөргөнү атыптыр, ошого токтоло кетсеңиз?

-
Оштогу журналисттерди колдоо боюнча ресурстук борбордун кызматкерлери эртең үйүнө биргеликте барып, ата-энеси, туугандарына жолугалы деген оюбуз бар.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG