Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:45

17:58 Нарын шаарында кыргыз-кытай эл аралык жармаңкеси ачылды


Жармаңкени ачкан Нарын шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Кулматов бир катар жагдай себептерге байланыштуу Кытай мамлекетинен жарманкеге фирмалар келбей калгандыгын маалымдады. Ал эми "Нарын" эркин экономикалык аймагынын» башкы деректири Дүйшөн Ырсалиев бул эл аралык жармаңкеге 80 миң доллар нарктагы буюм-тайымдар аймактын 4 субъектиси тарабынан Кытайдын ичкерисинен алынып келип, сатыкка коюлгандыгын билдирди жана наркы базар бааларынан 30-50 пайызга арзан экендигин белгиледи. Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу автоном облусунун Бишкектеги соода өкүлү Кайрат Эмин жарманкенин көлөмү чоң болду деп баалады. Бирок соода сатыкка келген айрым жергиликтүү тургундар жарманкеге эл күткөн буюмдар коюлбагандыгын, баалары базардан анчалык деле арзан эместигин билдиришти. (KUs)

XS
SM
MD
LG