Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:18

Амирбек Усманов, Прага Европа Комиссиясынын башчысы Жозе Мануэл Баррозу дүйнөнү финансы рыногундагы кризиске каршы чогуу күрөшүүгө чакырды. Ал үндөөнү Бээжинде өтүп жаткан Европа жана Азиянын лидерлеринин жыйынында жасады. Бээжин форумунун катышуучулары-АКШда ноябрда болчу саммиттин алдында - дүйнөлүк финансылык кризис менен күрөшүү боюнча орток бир бүтүмгө келүүгө аракет кылышат. Дүйнө өлкөлөрү бүгүнгө чейин финансы секторун колдоо үчүн 4 триллион доллардан көп акча чегерди.

Бейшемби күнү Япониянын, Түштүк Кореянын жана Кытайдын фондулук биржасында сатылган баалуу кагаздардын баасы дээрлик 7 процентке чейин арзандады. Япондордун Никкей индекси акыркы беш жарым жылда, Сеул биржасынын көрсөткүчү акыркы үч жарым жылда мындай төмөндөгөн эмес.

Азиянын фондулук рыногундагы капсалаңдын алдында АКШнын Доу Жонс индекси бир күндө 514 пунктка же 6 процентке жакын пастады. Экономикасы кубаттуу өлкөлөрдүн баалуу кагаздар рыногу ала салып баратканда финансылык кризиске каршы чогуу күрөшүүгө чакырган үндөөлөр көбөйдү.

Ошентип улуттук өкмөттөрдүн финансы рыногун турукташтыруу аракетине карабай экономика дымуу абалына түштү деген коркунуч күчтүү. Бул жагдай жума күнү Бээжинде ачылчу «Азия-Европа» форумунда талкууланат. Саммитке Азиядан 16, Европадан 27 өлкөнүн лидерлери катышат.

Еврокомиссиянын төрагасы Баррозу Бээжинге келер замат жасаган билдирүүсүндө глобалдык финансылык система өтө олуттуу реформага муктаж, бул иш эларалык деңгээлдеги мунасаны талап кылат деди:

-Дүйнөнүн финансы системасын реформалоо үчүн дүйнө чогуу аракеттенүүсү зарыл. Биз өзгөчө мезгилде жашап жатканыбыздан улам бизге өзгөчө глобалдык чарага муктажбыз. Бул өтө жөнөкөй: биз чогуу сүзөбүз же чогуу чөгөбүз.

Баарозу конкреттүү сунуш айтпады. Бирок финансылык капсалаң эч бир өлкөнү жандап өтпөсүнө көңүл бурду:

-Биз жасаган анализдер кризистин финансылык жагынан башка дагы дүйнөлүк экономикадагы баланс катуу бузулганын көрсөттү. Бул проблема Америка жана Европанын эмес, дүйнөнүн да лидерлери тарабынан талкууланыш керек. Баары Кошмо Штаттардагы капсалаңга тигилип карап турган. Бул глобалдык капсалаң болгондуктан бүтүн дүйнөгө таасир этет.

Бээжин форумунун катышуучулары Вашингтондо 15-ноябрда болот деп болжолдонгон глобалдык саммитти утурлай кризиске каршы кантип күрөшүү боюнча орток бүтүмгө келишет деп күтүлүүдө. Вашингтондо болчу жыйында:

-Лидерлер учурдагы финансылык кризиске каршы көрүлгөн чаралардын натыйжасын, кырдаалды баалоодогу өз ара түшүнүүчүлүктүн артыкчылыгын талдашып, кризисти кайра болтурбоо үчүн дүйнөнүн финансы секторунун регуляторлорун жана институттарын реформалоонун жалпы принциптерин макулдашат, деп билдирди Ак Үйдүн өкүлү Дана Перино шаршемби күнү.

Вашингтондогу жыйынга Дүйнөнүн дөөлөттүү өлкөлөрү, экономикасы ылдам өсүп бараткан Кытай, Индия, Мексика, Бразилия сыяктуу болуп, бардыгы 40тан ашуун мамлекет чогулмакчы.
XS
SM
MD
LG