Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:12

Өнүккөн өлкөлөрдүн шаштысын кетирип жаткан каржылык кризистин капшабы Кыргызстанга тиеби-жокпу суроосу ушу тапта көптөрдү ойлонтууда. Кризистин кааты кайсы тармакка титйиши мүмкүн? Айрым адистер каржылык кризистин таасири Кыргызстанга кыйыр тийиши мүмкүндүгүн айтышууда. Учурда болсо доллардын баасы көтөрүлүүдө.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү Рожер Робинсон дүйнөлүк экономикадагы оош-кыйыштардын таасири Кыргызстанга да тиет деп эсептейт.

- Кыргызстанда ачык экономикалык саясат жүргүзүлөт. Ошон үчүн алдастатчу тышкы таасир бул жерде тез эле билинип калат.

Өткөн жыл азык-түлүк каатчылыгы менен коштолсо, бул ирет бай өлкөлөрдү каржы кризиси алдастатууда. Кыргызстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун ырасташынча, баарысын базар чечет принцибине үмүт артпай, өкмөт экономикага таасир көрсөтүүнүн аракеттерине өтүүдө.

- А биз январдын онунан баштап башкача саясат жасай баштадык. Өлкөдө өкмөт болгондон кийин ал элдин кызыкчылыгын, талаптарын да караш керек. Өкмөт деле базар шартында мыкты оюнчу болушу керек дедик.

Өкмөттүн базар экономикасындагы кандай “оюнчу” экендигин жыл жыйынтыгы көрсөтөт. Быйыл болсо 9 айда ички дүң продукт 6,6% өсүп, инфляция 16% жакын, ал эми сыртка товар чыгарууга караганда сырттан товар ташып келүү 1 миллиард 216,5 миллион доллар ашып кетти. Дүйнөлүк каржылык кризис күчөгөнү анын таасири Кыргызстанга да тиеби сарсанаасы ошондон көпчүлүктү катуу ойлонтууда.

Улуттук банктын төрага орунбасары Кубанычбек Бөкөнтаев андай таасир анча деле күчтүү болбойт деген пикирде.

- Мен такыр таасир тийбейт деген жокмун. Мен түз таасири тийбейт дедим. А бирок таасири болот. Таасир, мисалы, Казакстанда ипотекалык кризистин салакасы былтыртан баштап эле билинген. Анын таасири бизге тийген. Мисалы, бизде банктардын кредиттик портфели былтыр 84% өскөн. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Быйыл жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин 20% гана өсүү болуп жатат,- дейт К.Бөкөнтаев.

Экономика илим кандидаты Жумабек Жайыловдун ырасташынча, каржы кризисинин капшабын уш тапта коммерциялык банктар тартышууда.

- Кредит көлөмү азайып, үстөк пайызы көбөйүп атпайбы. Бул ишкерлерге тоскоолдук кылып жатат. Ишкердиктин активдүүлүгү төмөндөп жатат. Ишкерлер акырын капиталын сыртка которуп жаткан учурлар болуп жатат.

Президенттик акимчиликтин экономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Азамат Дыйканбаевдин пикиринде, каржы кризисинин тамыры тереңге кетет. Ал жалгыз фондулук биржаларды каптабастан, жалпы каржы системасын кысталыш абалга кириптер кылууда. Дүйнөлүк экономикада акча тартыштыгы сезилүүдө. Бай өлкөлөрдүн баки-жогунун экономикалык өнүгүү ырааты кыйла жайлап, атүгүл ал нөлгө барабар болуп каларын айтууга өтүштү. Мунун баары Кыргызстанды кыйгап өтүшү мүмкүн эмес.

- Суроо кризис качан келет эмес, эмнелер аркылуу келетке такалууда. Бул албетте, өлкөнүн экономикалык активдүүлүгүнө таасирин тийгизет. Анткени биздин соода алака-катышыбыз Орусия, Казакстан менен бекем жуурулушуп калган. Ишкердиктин деми кыйла басылып калганын көрүп атабыз,- дейт Азамат Дыйканбаев.

Ушу тапта дүйнө башынан кечирип жаткан каржылык кризис башкаруунун тура эместигин, жаңы экономикалык жагдайды базар-нарк мамиле-катыш өз алдынча жөндөй албастыгын көрсөтүүдө. Ошондон башкаруунун буга чейинки колдонулуп келген ыкмаларынан баш тартуу зарылдыгы айтылууда. Бирок да жаңы экономикалык шартка кандай башкаруу ылайыктуу экендиги деле азыркы кысталыш кырдаалда так айкындала элек. Кризистин чоң сабагы, кыязы ушул болот окшоп калды.
XS
SM
MD
LG