Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:43

Орусия-Грузия: Чындык ким тарапта?


Август айында Москва менен Тбилиси ортосундагы согуштук жаңжалдан кийин Түштүк осетиялыктар Адам укугу боюнча Европа сотуна Грузияга каршы арыз менен кайрылышты. Өз кезегинде Грузия дагы Орусиянын үстүнөн эл аралык сотко даттанды. Серепчилердин айтымында, мындай юридикалык араздашуу сотту оор абалда калтырды.

7-августта Түштүк Осетияда алгачкы аткылашуулар башталгандан тарта Грузиянын жикчил аймагынан Франциянын Страсбург шаарына арыздар түшө баштаган. Адам укугу боюнча Европалык соттун берген маалыматына ылайык, түштүк осетиялыктар 3 миңден ашуун арыз жиберишкен.

Өз кезегинде грузин бийлиги Страсбургдагы сотко кайрылып, Орусияны согуштук кылмыштарды жасаган деп айыптады. Мындай кырдаал сотту жана ага көзөмөл салган Европа Кеңешин кыйын абалда калтырды. Себеби Орусия дагы, Грузия дагы Европа Кеңешине мүчө.

Лондон университетинин алдындагы Биркбек коллежинин профессору Билл Боуринг Орусиянын жарандарына Страсбургдагы сотто өз укугун коргоо багытында жардам көрсөтүп келет. Профессор Боурингдин айткандарын уксак:

- Европа Кеңеши мурда болуп көрбөгөндөй оор абалда калды. Бул – Кеңештин эки мүчөсү ортосундагы алгачкы куралдуу кагылыш жана уруш системаны жарга такап койду. Бул – Еврокеңеш үчүн олуттуу проблема. Анткени ар бир өлкө Кеңешке өткөндө, өздөрүнө келишпестиктерди тынчтык жолу менен чечебиз деген милдеттеме алган.

Ошентип, август чатагынан тарта Москва менен Тбилиси бири-бирин эл аралык укуктук нормаларды бузду деп айыптап келишүүдө. Укук коргоочулар болсо согуш учурунда дагы, андан кийин дагы адам укуктары одоно бузулганын айтып, эки тарапты тең айыпташууда.

Европа Кеңеши согушка аралашуу менен өз милдеттемелерин Орусия дагы, Грузия дагы бузган деген пикирде. Кеңештин баш катчысы Терри Дэвис (Terry Davis) эгерде согушка себепкер болгон жикчил аймактарда башаламандыкты эки өлкө тең токтотпосо, муну 47 өлкө жасай турганын эскертти.

Учурда Страсбургдагы сотто эки өлкө ортосундагы юридикалык араздашууга сын көз караш менен карагандар дагы жок эмес. Алардын бири – Москвадагы Карнеги борборунун Кавказ боюнча адиси Алексей Малашенко буларды айтат:

- Бул араздашуулар саясий заказ мүнөздө болгону көрүнүп эле турат. Азыркы арыздар кысым көрсөтүү ролун ойноп жатат. Ар бир тарап: Түштүк Осетия, анын артынан Орусия жана Грузия өздөрүн айыпсыз катары көрсөтүү менен алек, башкача айтканда, алар “көгүчкөндөрдөй тазабыз” деп далилдеп жатышат.

Өткөн айда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бийлик Түштүк осетиялыктарга Грузияга каршы арыз даярдоого жардамдашарын билдирген. Бирок айрым маалыматтарга караганда, орус бийлиги Түштүк осетиялыктарга жөн гана кеңеш менен жардам бербестен, грузин өкмөтүнө каршы арыз жазгандарга материалдык колдоо көрсөтүлүүдө.

Бирок Түштүк Осетиянын мурдагы башкы прокурору Ахшар Кочиев бул сөздөргө кошулбайт:

- Мындай сөздөргө негиз жок. Мен бомбалоо учурунда ошол жерде болдум, бул тозокко окшош болду. Бул тозоктон дагы жаман. Себеби тозокто жок дегенде эмне үчүн жазаланып жатканыңды билесиң, ал эми бул жерде биз осетин болгонубуз үчүн гана жазалануудабыз. Андыктан Страсбургдагы сотко арыз жолдоого жетишерлик негиз бар.

Сот арыздарды карап чыкканча эле он жылга чейин убакыт өтүшү ыктымал.
XS
SM
MD
LG